Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:02

WSJ: Си Цзинпин жакында Москвага барат


Кытай жана Орусия жетекчилеринин видео сүйлөшүүсү. Бээжин, 30-декабрь, 2023-жыл
Кытай жана Орусия жетекчилеринин видео сүйлөшүүсү. Бээжин, 30-декабрь, 2023-жыл

The Wall Street Journal өз булагына таянып жазганына караганда, Кытай лидери Си Цзинпин келерки айларда орус президенти Владимир Путин менен жолугушуу үчүн Москвага барганы жатат. Маалыматта кездешүү Украинада тынчтык орнотууну көздөгөн көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүү аракеттеринин бир бөлүгү болору, анда Кытай өзөктүк куралды колдонбоо чакырыгын кайталары айтылат.

Гезит сапардын датасы тактала электигин, Си Цзинпин апрелде же Орусия Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңишти майрамдаган майдын башында Москвага барып калышы мүмкүн экенин жазды.

Шейшембиде Кытайдын башкы дипломаты Ван И орус башкалаасына барды. Басылма министр жогорку деңгээлдеги сапардын чоо-жайын талкуулайт деп боолголойт.

20-февралда украин президенти Владимир Зеленский германиялык Die Welt басылмасына берген маегинде Бээжин Москва менен өнөктөштүк курса, дагы бир дүйнөлүк согуш тутанарын, Кытай аны түшүнөт деп ойлорун билдирген.

“Биз үчүн бул согушта Кытайдын Орусияны колдобогону маанилүү. Иш жүзүндө мен Кытайдын биз тарапта болуусун каалайт элем”, - деп айткан Зеленский.

Бээжин согуш баштаганы үчүн Москвага салынган эл аралык санкцияларга кошулган эмес. Уруш уланып жаткан бир жылдын ичинде Орусия менен Кытайдын өз ара соода жүгүртүүсү кыйла өстү. Кытай орус энергоресурстарынын негизги экспорттоочусуна айланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG