Орусиянын Новосибирск шаарында 9-февралдагы газдын жарылуусунан жаракат алган кыргызстандык аял набыт болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 26-февралда кабарлады.
Маалыматка ылайык, газ жарылган учурда анын омурткасы сынган. Ага Новосибирскидеги Травматология жана ортопедия борборунда операция жасалган. 21-февралда Бердск шаарындагы реабилитациялык борборго которулган. 24-февраль күнү ал Бердск шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшүп, көп өтпөй каза болгон.
Маркумдун сөөгүн жакындары Ош шаарына алып кетишти.
9-февралда беш кабаттуу үйлөрдүн биринде газ жарылып, үйдүн эки подьезди кыйраган. 15 адам набыт болуп, 30 батир жабыркаган.(ZKo)