Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:18

Милиция Бишкектеги жол кырсыгынын чоо-жайын териштире баштады


Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.
Интернетте тараган видеодон алынган сүрөт.

Бишкекте милиция социалдык тармактарда тараган жол кырсыгынын чоо-жайын иликтей баштады.

Кырсыкка тиешеси бар адамдардын аты-жөнү такталып жатканын Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.

2-мартта Бишкектин көчөлөрүнүн биринде катуу ылдамдыкта бара жаткан Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын кырсыкка учураганы тартылган видео социалдык тармактарга тараган. Машине кырсыктаганда анын үстүнө чыгып алган киши жол четиндеги арыкка кулап түшкөн. Дароо ордунан туруп, рулдагы аялга кол көтөргөнү камерага тартылып калган.

Милиция окуя башкалаанын Профсоюз көчөсүндө болгонун маалымдады.


Шаардык "Тез жардам" кызматына жабыркагандар боюнча чакыруу түшкөн эмес. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG