Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Бишкекте таштандыны жер алдына чогултуу долбоору сунушталды


Бишкекте таштандыны жер алдына чогултуу долбоору сунушталды. 28-март, 2023-жыл
Бишкекте таштандыны жер алдына чогултуу долбоору сунушталды. 28-март, 2023-жыл

28-мартта Бишкектин вице-мэри Жыргалбек Шамыралиев менен “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Рамиз Алиевдин катышуусунда таштандыларды жер алдына чогултуучу аянтча көрсөтүлдү.

Борбор калаанын Раззаков жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аянтчада жердин алдына эки чоң таштанды контейнери коюлган. Ал эми үстүнө чакан таштанды ыргытуучу челектер орнотулат.

Демилгечилердин белгилешинче, бул шаар көчөлөрүнүн эстетикалык көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет жана таштандылардын челекке батпай жерге төгүлүшүнө жол бербейт. Таштанды контейнерлеринин жанында тазалыкты жана тартипти түзүүгө өбөлгө түзөт, тамак-аш калдыктары чирип жыттанбайт. Ошондой эле жолбун жаныбарлардын чогулуучу жерине да айланбайт.

Бул долбоорду “Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды чыгаруу системасын жакшыртуу” долбоорунун алкагында "Тазалык" муниципалдык ишканасы жарыялаган тендерден утуп алган түркиялык ишкана ишке ашырууда.

Мэриянын басма сөз кызматы долбоордун ишин мэр Эмилбек Абдыкадыров жеке көзөмөлүнө алганын белгиледи.

Бишкектеги таштанды маселесине "Тазалык" муниципалдык ишканасы жооптуу. Былтыр мэрия ишканада бир катар каржылык мыйзам бузуулар аныкталганын билдирген.

Ишканадагы “системалык коррупция”, “коррупциялык схема” боюнча териштирүүлөр жүрүп жатканы айтылган, жумушчулары митингге чыккан учурлар катталган.

"Тазалыкта" жалпысынан 1500 жумушчу, кызматкер иштейт. Акыркы бир жыл ичинде төрт жолу жетекчи алмашты.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG