Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

“Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондуна 10 жыл толду


"Жайлоодогу бала бакча" долбоорунун алкагында жайлоолордо жүздөн ашуун бала бакчалар иштеген. Иллюстрациялык сүрөт.
"Жайлоодогу бала бакча" долбоорунун алкагында жайлоолордо жүздөн ашуун бала бакчалар иштеген. Иллюстрациялык сүрөт.

31-мартта Бишкекте “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык фондунун он жылдык мааракеси белгиленди.

Фонддун аткаруучу директору Доктургүл Кендирбаеванын айтымында, бул жылдар аралыгында адамды өнүктүрүүгө, жарандык коомду чыңдоого көмөктөшүү, маданий, экологиялык жана кайрымдуулук программаларын жүзөгө ашыруу, балдарга билим берүү, маданият, адабият багытында көптөгөн ири жана маанилүү иштер аткарылды.

Фонддун демилгелери жана долбоорлору кенже курактагы наристелерден тарта мектеп окуучуларын, орто жаштагы жарандарды жана кары-картаңдарды камтыды.

“Жайлоо бала бакчасы”, Билим фестивалы, “Илимдеги кыздар”, четтеги журтташтардын башын кошкон “Мекендештер” форуму, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу максатында укук коргоо органдарындагы аялдардын санын көбөйтүү үчүн “Устат” сыяктуу долбоорлорду ишке киргизди.

Калк арасында китеп окуу маданиятын жайылтуу максатында 2015-жылдан тартып ар кандай тематикалар боюнча китептерди чыгарды.

"Роза Отунбаеванын демилгелери" фонду 2013-жылы Кыргызстандын экс-президенти, учурда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Ооганстанга жардам көрсөтүү миссиясынын жетекчиси (UNAMA) Роза Отунбаева тарабынан түзүлгөн. Фонд жүргүзгөн иштердин басымдуу бөлүгү Отунбаева мамлекет башында турганда башталган иштердин уландысы.(BkA/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG