Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:29

Апрель ыңкылабына 13 жыл

2005-2010: кандуу жылдар сабагы
please wait

No media source currently available

0:00 0:32:28 0:00

2005-2010: кандуу жылдар сабагы

Апрель ыңкылабына 13 жыл болду. 2010-жылы 6-апрелде элдик толкундоолор алгач Нарын шаарында, кийин Таласта башталып, Бишкекте уланган. 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы көтөрүлүштө Ала-Тоо аянтында 90го жакын киши окко учуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.

Бул датага байланыштуу президент Садыр Жапаров элге кайрылуу жасап, соңку тарыхтагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабагы – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу деп айтты.

"Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы Аксы окуясы, Март, Апрель элдик революциялары жана акыркы Октябрь окуялары - өлкө тарыхындагы саясий орчундуу окуялардан болуп калды. Азаттыкты туу тутуп, ар дайым калыстыкка умтулган өзгөчө касиетти көкүрөгүндө аздектеп алып жүргөн кыргыз эли, аталган бул окуяларда адилетсиз башкарууга караманча каршы болуп, чырмалышкан акыйкатсыз системаны алмаштырууга тикесинен тик турган. Тилекке каршы, Апрель элдик революциясынын баасы өтө кымбатка турду, 90дой эр-азаматыбыздын каны менен келди. Карапайым элдин, жумурай журттун азаттыгы үчүн күрөшкөн уулдарыбыздын жаркын элестери жүрөгүбүздө түбөлүккө жашай берет. Соңку тарыхыбыздагы бул окуялардан алынуучу эң башкы сабак – адилет башкаруу менен элдин бакубат турмушун камсыз кылуу. Биз Ата мекени менен жамы журтунун камын жеп, кара баштарын канжыгага байлап, өмүрлөрүн арнаган атуулдарыбыздын ой-максат, тилектерин, Кудай буйруса, орундатабыз", - деген президент Садыр Жапаров.

Бишкекте Апрель ыңкылабынын катышуучулары, бул каргашада жакынын жоготкондор чогулуп, 7-апрель курмандыктарын эскерди. Алар 2002-жылдагы Аксы жана 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондорго арналып тургузулган Бишкектин Ала-Тоо аянтындагы монументке гүл коюп, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университеттин айрым студенттери ыр окуду.

“Биздин максат жарым-жартылай максатына жетти. Биз сот адилеттигин, милициянын так ишин, прокуратуранын өз милдетин аткарышын талап кылып, кландык башкарууга каршы чыкканбыз. Алар бийликтен кетти, бирок эски саясатчылар ошо бойдон саясатта жүрөт. Өзгөчө азыркы бийлик кан төгүп кеткен Бакиевдерди актоо аракетин көргөнү бизди өкүндүрөт. Биз демократиялуу өлкөдө, билимдүү илимдүү жаштардын болушун каалайбыз. Илимдин докторлорун, академиктерди, профессорлорду уккан, ошолорду карап түздөлгөн жаштар өсүп жетилгенде гана өнүгөбүз. Тилекке каршы, азыр андай болбой жатат”, - деди Апрель окуясынын катышуучуларынын бири Конушбек Дөөлөталиев.

Бишкекте Апрель ыңкылабынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

Чогулгандар Бишкектин четиндеги “Ата-Бейит” мемориалдык комплексине барып, Апрель окуясында курман болгондорго багыштап куран окушту.

Президент Садыр Жапаров баштаган өлкө жетекчилери “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель элдик ыңкылабынын курмандыктарын эскеришти. Ага Жогорку Кеңештин спикери Нурланбек Шакиев, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, экс-президент Сооронбай Жээнбеков, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары жана башка кызмат адамдары катышкан.

Алар 2010-жылдагы Апрель революциясынын баатырларынын мемориалдарына гүл коюп, курман болгондорго багыштап куран окушту.

“Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 7-апрель, 2023-жыл.

Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Калгангандарына сот өкүмү чыккан. Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою кесилген. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев 30 жылга соттолгон.

Мурат Суталинов 20 жылга, Каныбек Жороев, Оксана Малеваная, Элмурза Сатыбалдиев, Нурлан Турсункулов 10 жылдан, ал эми Данияр Дунганов менен Нурлан Темирбаев 25 жылдан кесилген. Алардын дээрлик бардыгы ар кандай жагдайда, айрымдары жазасын өтөп чыкты. Элмурза Сатыбалдиев ушул тапта Жогорку Кеңештин депутаты. 2019-жылы анын соттуулугу жоюлган.

Курманбек Бакиев 2005-жылы Март ыңкылабы аркылуу бийликке келген. Ал бийликте турганда саясатчы Медет Садыркулов, депутат Жыргалбек Сурабалдиев, журналист Геннадий Павлюк, спортчу Раатбек Санатбаев, депутаттар Баяман Эркинбаев, Санжар Кыдыралиев, кылмыш төбөлү атыккан Рысбек Акматбаев киши колдуу болгон.

Бакиевдин кичүү уулу Максим Бакиев атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири болгон.

Башкы прокуратура Бакиевдерди Кыргызстанга экстрадиция кылуу аракети көрүлүп жатканын билдиргени менен майнап чыга элек. Курманбек Бакиев 2010-жылы болгон кандуу окуяда эч кандай күнөөсү жоктугун кайталап келет.

Апрель окуясы: аянтта төгүлгөн кан

Таластагы толкундоолор 6-апрелде башталган. 
1/28 Таластагы толкундоолор 6-апрелде башталган. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2010-жылдын 6-апрелинде Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга жол ачышкан. 
2/28 2010-жылдын 6-апрелинде Талас облустук администрациясынын алдына чогулган оппозиция тарапкерлери өлкөдөгү экинчи бийлик алмашууга жол ачышкан. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Таласта нааразылык акциясына чыккандар. 6-апрель, 2010-жыл. Ал күнү Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация митингчилердин колуна өткөн. 
3/28 Таласта нааразылык акциясына чыккандар. 6-апрель, 2010-жыл. Ал күнү Таластагы митингди кууп таркатууга көп сандагы милиция, ал тургай Бишкектен атайын бөлүктөрдүн аскерлери тартылып, кагылыштын жыйынтыгында облустук администрация митингчилердин колуна өткөн. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7-апрель күнү Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразылык акциясына чыккан аялды милиция кызматкерлери кармап кетип жатат. 
4/28 7-апрель күнү Бишкектин Алматы көчөсүндө жайгашкан “Форум” имаратынын алдында нааразылык акциясына чыккан аялды милиция кызматкерлери кармап кетип жатат. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Бишкектин Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй бараткан эл. 7-апрель, 2010-жыл
5/28 Бишкектин Чүй көчөсү менен Ак үйдү көздөй бараткан эл. 7-апрель, 2010-жыл
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7-апрель саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташат.
6/28 7-апрель саат 13:40 чамалаш демонстранттар Ак үйгө чабуул жасай башташат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Ак үйдүн алдына чогулган демонстранттар менен милициянын куралдуу күчтөрү кагылышкан учур.<br />
&nbsp;
7/28 Ак үйдүн алдына чогулган демонстранттар менен милициянын куралдуу күчтөрү кагылышкан учур.
 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2010-жыл.
8/28 Ала-Тоо аянты. 7-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Демонстранттар менен милиция кагылышып, нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышат.&nbsp;
9/28 Демонстранттар менен милиция кагылышып, нааразы болгондор көптүккө салып тартип коргоо кызматкерлеринин куралдарын тартып алып, аларды ур-токмокко алышат. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калды.
10/28 2010-жылы апрель окуяларында жоголгон жүздөгөн курал-жарак, миңдеген ок-дарынын теңинен көбү табылбай калды.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Нааразылык акциясына чыккандарды көздөй Ак үйдүн төбөсүнөн ок атуу башталган.&nbsp;
11/28 Нааразылык акциясына чыккандарды көздөй Ак үйдүн төбөсүнөн ок атуу башталган. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду.
12/28 Саат 14:30 чамалаш митингчилер арасынан алгачкы жаракат алгандар тууралуу маалыматтар пайда болду.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
&nbsp;Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты.&nbsp;
13/28  Саат 16:00 ченде Ак үйдү кайтарган күчтөр митингчилерди кадимки өлтүрүүчү октор менен ата башташты. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган.
14/28 7-апрелде Ак үйдүн алдындагы каршылык акциясында атылган октон 78 киши каза таап, бир жарым миңден ашуун адам жаракат алган.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Ак үйдүн алдында желек көтөргөн киши телефон менен сүйлөшүп жатат. 7-апрель кечке жуук оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча каналдан (Коомдук биринчи канал) чыга башташат.&nbsp;Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда &ldquo;Манас&rdquo; аба майданына, андан ары Ош шаарына учат. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынат.
15/28 Ак үйдүн алдында желек көтөргөн киши телефон менен сүйлөшүп жатат. 7-апрель кечке жуук оппозиция лидерлери митингчилердин колуна өткөн Улуттук биринча каналдан (Коомдук биринчи канал) чыга башташат. Курманбек Бакиев куралдуу сакчыларынын коштоосунда “Манас” аба майданына, андан ары Ош шаарына учат. Ал жактан кийинчерээк Жалал-Абад облусундагы өзү өскөн Тейит айылына жашынат.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Бишкек. 8-апрелдин таңы. 7-апрель кечинде Бишкекте мародерчулук башталып, борбордогу бир канча соода борборлору талап-тонолгон.&nbsp;
16/28 Бишкек. 8-апрелдин таңы. 7-апрель кечинде Бишкекте мародерчулук башталып, борбордогу бир канча соода борборлору талап-тонолгон. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Кандуу кагылышта каза болгондордун сүрөттөрү Ак үйдүн астына илинип, 2010-жылдын 9-апрели Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жарыяланат.&nbsp;
17/28 Кандуу кагылышта каза болгондордун сүрөттөрү Ак үйдүн астына илинип, 2010-жылдын 9-апрели Кыргызстанда аза күтүү күнү болуп жарыяланат. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7-апрелдеги кандуу кагылышта жараат алгандар.&nbsp;
18/28 7-апрелдеги кандуу кагылышта жараат алгандар. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева жана анын орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Исмаил Исаков маалымат жыйынында. 8-апрель, 2010-жыл.
19/28 Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева жана анын орун басарлары Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев жана Исмаил Исаков маалымат жыйынында. 8-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө. 2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу. Кийинчерээк бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.
20/28 Курманбек Бакиев AFP кабарчысы менен сүйлөшүүдө. 2010-жылдын 9-апрелинде тартылган сүрөт, Жалал-Абад облусу. Кийинчерээк бийликтен кулатылган президент үй-бүлөсү, жакындары менен Беларустан башпаанек тапкан.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Апрель окуясында каза тапкандарды жерге берүү учуру. Ата-Бейит.
21/28 Апрель окуясында каза тапкандарды жерге берүү учуру. Ата-Бейит.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Уулун жоготуп боздогон эне.
22/28 Уулун жоготуп боздогон эне.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
7-апрелде каза тапкандардын көбү &quot;Ата-Бейитке&quot; коюлган.&nbsp;
23/28 7-апрелде каза тапкандардын көбү "Ата-Бейитке" коюлган. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Апрель ыңкылабында курман болгондорго Ак үйдүн алдында эстелик орнотулду.
24/28 Апрель ыңкылабында курман болгондорго Ак үйдүн алдында эстелик орнотулду.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Ак үй. 13-апрель, 2010-жыл.
25/28 Ак үй. 13-апрель, 2010-жыл.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2010-жылдын 6-апрели, &quot;Азаттыктын&quot; журналисти Замира Кожобаева иш учурунда.&nbsp;
26/28 2010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти Замира Кожобаева иш учурунда. 
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Талас. 2010-жылдын 6-апрели, &quot;Азаттыктын&quot; журналисти интервью алууда.
27/28 Талас. 2010-жылдын 6-апрели, "Азаттыктын" журналисти интервью алууда.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
2010-жылдын 6-апрели, Талас.
28/28 2010-жылдын 6-апрели, Талас.
2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанда бийлик алмашып, Курманбек Бакиев башында турган бийлик көтөрүлүш жолу менен кетирилген. Анын алдында аянттагы нааразылык акциясына чыккан элге ок атылып, ошол күнү кеминде 87 кишинин өмүрү кыйылган.
Артка
Алдыга

Кыргызстанда бул күн “7-апрель Элдик апрель революциясы” деп аталып, календарда кызыл менен белгиленген.

Апрель окуясынын катышуучусу Алиясбек Алымкулов бул күндүн статусу өзгөрбөй, бийликке эскертүү болуп турушу керек деген ойдо.

“Өткөндөрдүн жашоосу кийинкилерге сабак. Бийлик алмашып турат. Бул (ред: - 7-апрель) майрам күнү эмес. Бирөөлөр үчүн аза күтүү, башкаларга кайгы, эскерүү күнү. Эң негизгиси, кайсы гана бийлик келбесин, бул күн аларга эскерүү жана эскертүү болушу керек”.

Апрель окуясына байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев дагы кайрылуу жолдоп, “2010-жылдын апрелинен убакыт бизди канчалык алыстатса, ал окуялардын өлкөнүн демократияга жана укуктук мамлекетке карай бет алууга мааниси канчалык зор болгондугун түшүнгөн жарандардын саны да ошончолук өсөт деп ишенем” деди.

"Азаттыктын" архиви: Апрель окуясынын унутулган каармандары

Куржундар
XS
SM
MD
LG