Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:36

Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун жумушчу топ иликтейт


Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.
Тилек Текебаев Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган сүрөт.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ысык-Көлдө иш сапар менен жүргөндө билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына жумушчу топко бир апталык мөөнөт берилгенин жазды.

"Мекемелер аралык жумушчу топко бир жуманын ичинде курулуш иштеринин жүрүшүн, жолдун Балыкчы-Барскоон тилкесин (0дон 141,7 чакырымга чейин) куруу маселесин комплекстүү изилдеп, жолдун курулушун андан ары ишке ашыруу боюнча сунуштарды киргизүү тапшырмасы коюлду. Мындан улам мен өзүм жумушчу топ менен бирге ишти жеринен көрүү үчүн Ысык-Көлгө иш сапарым менен келдим",-деген Текебаев.

Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылдын августунда башталган. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулуп жатканы маалымдалган.

Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG