Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

Ленин округу боюнча шайлоочулардын тизмеси такталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан добуш берүүчүлөрдүн тизмеси көзөмөл иретинде такталды. Ага ылайык, 28-майда 124 671 шайлоочу добуш бере алат.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымдашынча, шайлоочулар тизмеде бар-жогун "Тизме" порталынан текшере алышат. Тизмеден өзүн таба албагандар аймактык шайлоо комиссиясына паспорту менен барып, тактоо үчүн арыз менен кайрылышы керек. Арызды аталган порталдагы "Шайлоочунун кабинети" сервиси аркылуу электрондук түрдө да берүүгө болот.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо аймагынан Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо 28-майда өтөт. Шайлоого 32 талапкер катталган, алардын бешөө - аялдар.

Бул аймактан шайланган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкектеги түнкү клубдардын биринде мушташканы тууралуу маалымат тарагандан кийин мандатын тапшырган. Боршайком жаңы шайлоо жарыялап, президент Садыр Жапаровдун буйругу менен жараян 28-майга белгиленген.

Кайрадан шайлоо өткөрүүгө 18 млн. сом сарпталат деп бекитилген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG