Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:26

Казакстанда "Жемкорлукка каршы" биримдигинин жетекчиси жети жылга кесилди


Юрист, активист Аслан Өтепов.
Юрист, активист Аслан Өтепов.

Казакстандын Орол шаардык соту "Калк жемкорлукка каршы" биримдигинин жетекчиси 23-майда Аслан Өтеповду жети жылга эркинен ажыратты.

Сот аны көз боемочулук жана пара алууга күнөөлүү деп тапты. Өтепов өзү жана анын тарапташтары иштин саясий өңүтү бар экенин айтышууда.

Өтепов ошондой эле соттун чечимине каршылыгын билдирип, 21-майда баштаган ачкачылык акциясын токтотпой турганын айтты.

Буга чейин прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну суранган. Адвокаты болсо активисттин камалышына кызыкдар адамдар бар экенин айтып, актоону өтүнгөн.

Юрист Өтепов буга чейин айрым адамдарды социалдык тармактарда кескин сындап келген. Ошондой эле "Трамадол" психотроптук каражатын мыйзамсыз жайылтууга каршы чыккан. Ал былтыр жыл соңунда кармалып, камактагы мөөнөтү бир нече ирет узартылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG