25-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.
24-майдагы нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Ош жана Жалал-Абад облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарыда түнкүсүн 12…17, күндүз 23…28
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 8…10°, күндүз 21…23° жылуу болот.