Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:21

УКМКнын тергөө абагында жаткан Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылды


Салкынай Алимбаева. Архивдик сүрөт.
Салкынай Алимбаева. Архивдик сүрөт.

Абактагы оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун аялы, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында жаткан Салкынай Алимбаеванын абалы оорлоп, тез жардам чакырылды. Бул тууралуу Алимбаеванын адвокаты Гуляна Убалиева “Азаттыкка” билдирди.

“Салкынай Алимбаеванын өтүндө ташы бар экен, ичегисинде жабышып калган жерлери бар экен. Түндө саат төрттө ошол оорулары приступ берип, эсин жоготуптур. Бүгүн кечке кусуп жатып, акырында кан түкүрүп калыптыр. Абактагылар алгач анча көңүл бурбай жатышкан экен, канды көргөндөн кийин тез жардамды чакырышыптыр. Дарыгерлер болгону “Но-шпа” деген дары берип кетишиптир. Ал өзү тынбай капельница алып, диеталык тамак ичип турчу экен, дарыгерлерден суранса алар “мындай шартта капельница коё албайбыз” деп кетишиптир. Алар дүйшөмбү күнү дарыгерлерди тартып, толук кандуу медициналык кароо жүргүзмөк болушту. Мен кирген маалда Алимбаева абалы оордугунан тергөө бөлмөсүнөн чыга алган жок. Эки бүктөлүп келип, отура албай, жатып турду. Анткени ал кусуп, эч кандай тамак да жей албай калыптыр”, – деди адвокат.

Гуляна Убалиева бүгүн жумушчу күн аяктап калгандыктан ишембиде УКМКнын Тергөө кызматына, Жаза аткаруу кызматына жана дарыгерлерге өтүнүч келтирип, Салкынай Алимбаева ооруканага которууну суранышарын билдирди.

Мамлекеттик Жаза аткаруу кызматы Алимбаева аларда кармалбагандыктан анын абалы боюнча комментарий бере албай тургандыгын кабарлады. “Азаттык” УКМКнын басма сөз кызматына кайрылды, алар азырынча маалымат бере элек.

Жээнбековдун жубайы Салкынай Алимбаева 25-майда кармалган. Сот 26-майда анын бөгөт чарасын карап, эки айга камаган. Ошол эле күнү Жээнбековдун уулу Азат Равшан өзү чет жакта экенин кабарлап, үйдө 13 жаштагы карындашы жалгыз калганын Фейсбуктагы баракчасына жазган.

УКМК Алимбаеванын ишине байланыштуу азырынча маалымат бере элек. Анын дагы бир адвокаты Разак Ашимбаев саясатчынын аялы Бишкектеги жер тилкелеринин сатылышына байланыштуу кармалганын билдирген. Сотко кирип бара жаткан учурда Алимбаева журналисттерге учкай комментарий берип, тергөө коюп жаткан айыптарга макул эмес экенин, күнөөсү жоктугун айткан.

Парламенттин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков ушул тапта Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат. Ал былтыр 23-октябрда “Жапырт башаламандык уюштуруу” беренесинин негизинде жыйырмадан ашуун саясатчы, жарандык активист менен чогуу камалган. Анын алдында Жээнбеков Өзгөндө өткөн курултайдын резолюциясына ылайык саясатчылар, саясий уюмдар, активисттер, саясий кыймылдар “Кемпир-Абадды коргоо” комитетин түзгөнүн жарыялаган.

Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча да айыпталган, ал иш азыр Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG