Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Катардын эмири мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди


Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 6-июнь, 2023-жыл.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 6-июнь, 2023-жыл.

6-июнда Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани биринчи жолу мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келди. Аны “Манас” эл аралык аэропортунан президент Садыр Жапаров тосуп алганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы маалымдады.

Садыр Жапаров жана шейх Тамим бин Хамад Аль Тани кыргыз артисттеринин, элдик жана фольклордук-этнографиялык жамааттардын катышуусундагы концерттик программаны көрүштү. Катардын эмири улуттук маданиятка, кыргыз боз үйүнүн жасалгасына, таза кандуу кыргыз тайганынын өзгөчөлүктөрүнө болгон кызыгуусун билдирген.

Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 6-июнь, 2023-жыл.
Катардын эмири Шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. 6-июнь, 2023-жыл.

Мамлекеттик сапардын алкагында өлкө лидерлери 7-июнда чакан жана кеңейтилген форматтарда эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кызматташтыкты тереңдетүүнүн келечегин талкуулашат. Бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары айтылды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG