Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Милиция Ыдырыс Исаковго кол көтөргөн окуяны териштирип жатканын билдирди


Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.
Маматкарим Койчукулов журналист Ыдырыс Исаковду бетке чапкан учур.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 12-июнда Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын Шакиров көчөсүндөгү эс алуу борборунда ызы-чуу болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Тергөөнүн алгачкы маалыматына ылайык, Ыдырыс Исаков журналистик иликтөө жүргүзүп жаткан учурда Маматкарим Койчукулов “Сенин уруксатсыз видеого тартканга укугуң барбы?” деп бетке чаап жибергенин жана камеранын микрофонун сындырып салганын билдирген.

Ал эми Маматкарим Койчукулов өзүн блогер деп тааныштырган Исаков анын уруксаты жок видеого тарткандыгына байланыштуу ортодо пикир келишпестик чыкканын айткан.

Ыдырыс Исаковдун алган жаракатын аныктоо үчүн соттук медициналык экспертиза дайындалды. Ош шаардык милициясы текшерүүнун жыйынтыгы менен чечим кабыл алынарын билдирди.

Окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программасынын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Ыдырыс Исаков социалдык тармактардагы баракчасына окуя учурунда тартылган кыска видеону жарыялады. Тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

8-июнда Ыдырыс Исаковдун Ютубдагы каналына “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген материал чыккан. Анда Ош пансионатынын жерлери мыйзамсыз менчиктештирилгени, мүлк каралбай калганы тууралуу сөз болот.

Ыдырыс Исаков “Азаттык” радиосунда бир нече жыл эмгектенген. Ушул тапта өзүнүн аты менен Ютуб порталында канал ачып, түрдүү багыттагы материалдарды чыгарып келет. Анын каналында 453 миң катталуучу бар. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG