Шашылыш билдирүү
14-июлга чейин Кыргызстанда абанын температурасы өтө жогорулайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 36…41 градуска, Талас облусунун өрөөнүндө 34…39°ка чейин жогорулайт.
13-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 20...25, күндүз 36…41;
Талас жергесинде түнкүсүн 14...19, күндүз 34…39;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32;
Нарын облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 29…34;
Бийик тоолордо түнкүсүн -1...+4, күндүз 14...19.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 38…40 градус болот.