19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткан орусиялык альпинисттер Дмитрий Павленко, анын жубайы Светлана Великанова жана алар менен кеткен эки адамды Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 10 куткаруучусу тик учак менен 4100 метр бийиктиктеги "Түштүк Эңилчек" базасынан издөөгө киришти.
Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, куткаруучулар аталган лагерде климатка ыңгайлашуу үчүн 2 күн болуп, андан соң 6000 метр бийиктикке көтөрүлүп, жоголгон альпинисттерди издөөнү улантат.
"4100 метр бийиктикте абанын температурасы -20 -30 градус суук болуп, жол кооптуу жана кыйла татаал", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин орусиялык үч жана литвалык бир жаран 13-июлда Жеңиш чокусуна жүрүшкө чыкканы, 19-июлда акыркы жолу байланышып, андан бери кабарсыз болуп жатканы маалым болгон.
Казакстандык альпинист Ярослав Сабырбаев "Азаттыкка" "бул команданын курамында болуп, бирок белгилүү себептерден улам чокуга чыкпай калганын" билдирген.
Сабырбаев Mountain.ru сайтына топ 19-июль күнү артка кайтканын, 7200 метр бийиктикти көрсөтүп жаткан трекери дароо 6579 метрди көрсөтүп калганын айтып берген. Мындан кийин алар менен байланышуу мүмкүн болгон эмес.
Ал эми 24-июлда спутник байланышы аркылуу туристтерге жардам керектигин билдирген (GPS-трекер) координат келип түшкөн.
Орусиялык Дмитрий Павленко жана анын жубайы Светлана Великанова бир канча жылдан бери Кыргызстанда жашап келген.
Светлана менен Дмитрий былтыр 24-майда Чүй облусунун аймагындагы Путин чокусуна Украинанын желегин орноткон видеосун жарыялагандан кийин милицияга чакырылганын "Азатыкка" билдиришкен.
Алар Кыргызстандагы жашоосу, тоолорго болгон сүйүүсү жөнүндө "Азаттык+" программасында ой бөлүшкөн. (MKt)