Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Байзак жана Кең-Суу айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, сел 2-августта кечки саат 7лер чамасында болгон. Кырсык катталган аймакка өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барды.
Маалыматка ылайык, кыян Байзактагы 10, ал эми Кең-Сууда 8 үйдү каптаган. Дагы бир нече тамдын жер төлөсүнө суу кирген.
Аталган министрлик кабарлагандай, 3-августта Жарандык коргонуу кызматтарынан комиссия түзүлдү. Жабыр тарткан башка турак-жайларды, айдоо талааларын, кырсыктын чыгымдарын тактоо жүрүп жатат.
Түптө учурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Урматбек Шамырканов жүрөт.
Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги нөшөрлөп жааган жамгырдан улам тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарда сел жүрүшү ыктымалдыгын эскерткен.
Анын алдында, 22-июлда Нарын районунун Куланак айылында нөшөр жаандан кийин сел жүрүп, 16 үйдүн короосун суу каптаган.
Июнь айында нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган жана өзгөчө кырдаал жарыяланган. Көп өтпөй Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда дарыядагы суу ташкындап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал киргизилген. Андан кийин сел каптаган Алай районунун Белекбаев айыл өкмөтүндө өзгөчө кырдаал жарыяланган.