Кыргызгидромет борбору кабарлагандай, 22-августта Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.
Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35,
Талас жергесинде түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,
Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 11…16, күндүз 23…28,
Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 25…30,
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -1…+4, күндүз 8…13.
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы 19…21, күндүз 33…35 градус болот.