Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

"Жалгыз уулум рэкетчиликтин курмандыгы болду"


"Жалгыз уулум рэкетчиликтин курмандыгы болду"
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:52 0:00

Оштун Кара-Суу районунда ур-токмоктон 15 жаштагы өспүрүм каза болду. Бул ишке байланыштуу Зарбалик айылынын беш жараны кармалды. Алардын төртөө 18 жашка толо элек балдар.

Маркумдун жакындары тиешелүү адамдардын жазага тартылуусун талап кылууда. Көз жумган Аскат бир үйдүн жалгыз уулу эле.

"Мектеп рэкети мурда да катталган..."

Жаныбек Абдуллаев 15 жаштагы иниси Аскаттын мүрзөсүнө куран окуганы бүгүн да келди. Анын иниси 30-августта күтүүсүз жерден киши колдуу болгон. Айыл элинин үрөйүн учурган окуя Кара-Суу районундагы Зарбалик айылында катталды.

Жаныбек Абдуллаев
Жаныбек Абдуллаев

Абдуллаевдин айтымында, иниси Аскат айылдаш балдардын ур-токмогунан каза болгон.

“Буга чек койбосо болбой калды. Мындай иштер кайра-кайра кайталанып, үчүнчүсү болуп жатат. Бул жолу баланын өлүмү менен аяктады. Мурун да бирөөдөн жогорку класстын балдары акча талап кылып, бирок ал таап бере албай асынып алган. Мындан дагы үч-төрт жыл илгери айылда бир бала сабалып, эс-учун жоготуп ооруканага түшүп араң сакайып чыккан. Ооруканада жаткан баланы да аёосуз тепкилешкен. Эми мына, менин инимди карабайсыңбы. Жүрүм-туруму начар, балдар менен урушуп жүргөн бала болсо, мушташты деп ойлойт элең. Кырчындай мезгилинде өмүрү кыйылып олтурат”.

Энеси Разия Бөрүбаеванын айтымында, маркум Аскат алты кыздын арасындагы жалгыз уул эле. Аскат жаңы окуу жылына карата мектепти жасалгалоо үчүн бара жатып мыкаачылыкка кириптер болгон экен.

"Өзүнөн чоң балар келип, мектепти 1-сентябрга жасайбыз, чыккыла дептир. Бирок үйгө келип чакырышкан жок. Телефон аркылуу эле чалышкан окшойт. Ошол күнү түн жарымда милициядан чалды, балдар урушуп кетиптир, райондук милиция бөлүмүнө келиңиз дешти. Мен атасын ойготуп, райондук милицияга барсак, беш-алты кызматкер бизди бир бөлмөгө киргизип, өздөрүн тааныштырып, уулуңар Аскат каза болуп калыптыр деп ошол жерде айтышты. Ошондон кийинки нерсени толук эстей албайм. Уулумдан ажырап жашагым деле жок”, - деп боздоп отурат Разия Бөрүбаева.

"Шектүү катары катары беш бала кармалды"

Өспүрүмдүн өлүмүнө байланыштуу шектүүлөр кармалган. Бул тууралуу Ош облустук милициясы билдирди. Бирок алар канча адам экенин тактаган жок. Маркум Аскаттын жакындары шектүү катары беш бала кармалганын, алардын төртөө 18ге чыга элек өспүрүмдөр экенин билдиришти. Алардын баары Зарбалик айылынын тургундары, Аскат менен бир мектепте окушкан. Айылдагы мектептин мугалимдери соңку окуяга ишене албай турушат.

Бирок алар мектепти жасалгалоо үчүн окуучулар чакырылган деген маалыматты четке кагышууда. Маркум Аскаттын класс жетекчиси Махабат Бекажиева буларды билдирди:

“Аскат сабакта тырышчаак, аракетчил балдардын бири эле. Жайкы эс алуу учурунда айылдын ичинен көрчүмүн. Мектепти жасалгалоо боюнча мугалимдер тарабынан эч кандай сөз болгон эмес. Мен азыр өзүм да ал баланын каза болуп калганына ишене албай турам. Ойго келбеген иш болду”.

Ушу тапта маркум Аскаттын жакындары уулун ур-токмокко алып өлтүргөндөрдү мыйзамга ылайык жазага тартууну талап кылышууда. Ошол эле учурда ата-энелерди балдарынын тарбиясына көңүл буруп, рекетчиликтен алыс кармоого чакырып жатышат. Алар эч бир ата-эне туягынан ажырап, кайгыга батпаса дешет.

Маркум Аскаттын атасы Айбек Абдуллаев
Маркум Аскаттын атасы Айбек Абдуллаев

Жалгыз уулунан ажыраган Айбек Абдуллаев өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун жайылышын миграция маселесине байланыштырды:

“Азыркы күндө ата-энелер балдарын чоң-ата, чоң энесине, таята, тайенесине таштап кетип калып жатышат. Балдар эми эле бой тартып, бирок жакшы-жаманды айрымалай электе ар кандай окуяларга туш болуп жатышат да. Бул учурда балдар карылардын сөзүн укпайт. Аймактык тескөөчүбүздүн да иши начар. Мисалы, түнкүсүн жүргөн балдарды көзөмөлдөп, атайын рейддерди уюштуруп турса, ушул сыяктуу окуялар азаят беле?.."

Кыргызстанда мектеп курагындагы балдар, өспүрүмдөр арасында чоң муштумдук, өкүмзордук маселеси дайыма талкууланып келет. Мындан беш жыл мурун ЮНИСЕФ уюму кыргызстандык окуучулардын 83% мектепте курбуларынын зомбулугуна кабылганын айтышканы тууралуу баяндама чыгарган. Ички иштер министрлиги жыл өткөн сайын мындай көрүнүш кыскарганын билдиргени менен, окуялар катталып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG