Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:52

Өзбекстанда майнинг иштетүүгө уруксат берилди


Өзбекстанда майнинг ферма иштетүүгө уруксат берилди. Юстиция министрлиги 4-октябрда кабарлагандай, өкмөт сентябрдын этегинде “Майнинг ишмердигине уруксат берүү тартиби жөнүндө” жобону бекитти.

Жобого ылайык, майнинг иштетүү үчүн колдонулган электр энергиясын эсептеген жабдуу орнотулуп, бирдиктүү энергетикалык системага кошулуу керек.

Майнинг фермалар документте катталган дарегинде өрт коопсуздугун, санитардык эрежелерди сактап ишмердик жүргүзүүгө тийиш.

Майнерлер Өзбекстанда крипто-активдерди лицензиясы бар крипто-биржалар аркылуу сатууга укуктуу.

Келечектүү долбоорлор боюнча улуттук агенттик майнинг иштетем дегендерге уруксат берүү же баш тартуу маселесин 15 күндүн ичинде карап чыгат. Арызды кароо жана уруксат берүү үчүн акы алынбайт. Уруксат беш жылдык мөөнөткө берилет.

Электрондук валюта чыгарган компаниялар майнинг-ферма деп аталат. Алар көптөгөн компьютерлердин жана серверлердин жардамы менен татаал техникалык маселелерди чечүү аркылуу жаңы криптовалюта чыгарат. Бул үчүн электр энергиясы өтө көп колдонулат, ток суткасына 24 саат, жыл бою үзгүлтүксүз берилип турушу керек.

Кыргызстанда электрондук акча чыгарган компанияларга тыюу салынган эмес, бирок электрдин аздыгынан аларга ток берилбей келатат.

XS
SM
MD
LG