Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:03

"Мыйзамсыз конфискациялашты". Милиция минген машиналардын чыры


ИИМдин кызматтык машинелери
ИИМдин кызматтык машинелери

Чет өлкөдөн автоунаа сатып алган бир нече кишинин адвокаты Алия Турумбекова Ички иштер министрлиги (ИИМ) алардын машиналарын мыйзамсыз конфискация кылганын айтып чыкты.

Адвокат Турумбекова учурда ИИМдин кызматкерлери иш үстүндө айдап жүргөн Toyoto Rav4 үлгүсүндөгү кымбат баалуу машинелер жеке адамдарга таандык экенин айтты. Министрлик бул боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Сот чечиминде машинелер жасалма документ менен өлкөгө мыйзамсыз ташылып келгени көрсөтүлгөн.

Литвадан келген "шектүү" жол тандабастар

2023-жылдын январь айында ИИМдин Тергөө кызматы Toyota Rav4, RX450 үлгүсүндөгү 2018-2022-жылы чыккан 10 автоунааны "жасалма документтер менен өлкөгө ташылып келген" деген шек менен камакка алат. Аларды Литвадан “Кема” деген компания буюртма берген кыргызстандыктарга жөнөткөн болчу.

Автоунаага буюртма бергендер ушул жылдын июль айында адвокат Алия Турумбековага кайрылат. Адвокаттын айтымында, буюртма бергендер ар бир машине үчүн 15-17 миң доллар, андан кийин бажы төлөмдөрүн дагы өздөрү төлөшкөн.

Камакка алынган автоунанын бири. Адвокат Алия Турумбекова берген сүрөт.
Камакка алынган автоунанын бири. Адвокат Алия Турумбекова берген сүрөт.

“Алар мага июль айында келишти. Июлга чейин эч кандай тергөө болбоптур. Алар (ИИМ - ред.) бажы төлөмдөрүн өткөргүчө күтүшкөн да, анан машинени алып кетишкен. Булар сурак кылышы керек. "Ким алды, ким аркылуу келди?" дегендей. Тергөөдө бул кылмышка кимдердин катыштыгы бар экени аныкталат. Июлда мага келгенде машинеге буюртма берген эки киши боюнча ИИМге арыз жаза баштадым”, - деди Турумбекова. Ал учурда эки кишиге адвокат экенин кошумчалады.

ИИМ камакка алган машинелер. Адвокат Алия Турумбекова берген сүрөт
ИИМ камакка алган машинелер. Адвокат Алия Турумбекова берген сүрөт

Буюртма берип бирок, машинеси колуна тийбей калгандар микрофонго сүйлөп берүүнү каалашкан жок. Алар укук коргоо органдарынан бул маселени мыйзам чегинде карап берүүнү өтүнүүдө.

Машинелер ИИМге өтүп кеткенби?

Адвокат Турумбекова жалпы 12 машине Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен "мыйзамсыз конфискацияланды" деп эсептейт. Ал күч органдарындагы булактарына таянып, учурда милициянын кызматтык автоунаалары катары колдонулуп жаткан Rav4 үлгүсүндөгү жол тандабастар ошол ишкерлер буюртма кылган машиналар экенин айтууда.

“Сотко “бул машиналардын кожоюндары жок, качантан бери турат” деп жалган өтүнүч беришет. Ээси арыз менен баш тартып же табылбай калганда машиненин кожоюну жок деп эсептелет. А мында болсо кимдин наамына келгени, бажы төлөмдөрүн кимдер төккөнү белгилүү болуп жатпайбы. Анан алар мындай “двойниктер” (техникалык документтери, белгилери жасалма машине, адатта булар уурдалган же кылмыштуу жол менен алынган автоунаалар болот - ред.) катталбайт деп жазышкан. Алар алдын ала эле өздөрү чечип коюшкан”, - деди адвокат.

Адвокаттын айыптоолору боюнча ИИМдин басма сөз кызматына кайрылганыбызда “комментарий берилбейт” деген жооп алдык.

Сот ИИМдин арызын канааттандырган

Сот документтери жарыяланган sot.kg сайтынан Биринчи май райондук сотунун аталган иш боюнча чыгарган чечимин таптык. Ага ылайык, ИИМ 16-августта “12 транспорт каражатынын ээси жок деп табуу” боюнча сотко кайрылган.

Документте машинени аныктоочу техникалык белгилери өзгөртүлүп, "мыйзамсыз документтер менен ташылып келди" делген 12 автоунаа камакка алынганы жана тийиштүү экспертиза (трасологическая экспертиза) дайындалганы айтылат.

Экспертизанын жыйынтыгында "аталган автоунаалар чет өлкөлөрдө уурдалганы, техникалык белгилери өзгөртүлгөнү жана издөөгө алынганы аныкталган" деп жазылган.

Биринчи май райондук соту 10 машинени, кийин тергөөнүн жыйынтыгында аныкталган дагы 2 жол тандабасты “ээси жок транспорт каражаттары деп табуу” боюнча ИИМдин арызын канааттандырып, Мамлекеттик мүлк фондуна өткөрүү чечимин чыгарган.

Чечимде ИИМдин өкүлү мүлктү алууга эч ким кайрылбаганын айтканы жазылат. “Кайрылган тараптын өкүлү Ш.С. түшүндүргөнүнө караганда, азыркы учурда автомашиналар ИИМде сакталып турат, аны алууга эч ким кайрылган жок жана алгачкы каттоодон өткөн эмес”, - деп жазылат сот чечиминде.

Сот чечиминин үзүндүсү.
Сот чечиминин үзүндүсү.

Анткен менен адвокат Алия Турумбекова аталган автоунаалар мамлекетке "мыйзамсыз өткөрүлгөнүн" айтып, мындай жүйө келтирди:

“Машинелердин ээси бар болгону үчүн бажы төлөмдөрүнөн өтүп жатпайбы. Булар "эч ким кайрылган эмес" дешет. Сотко ИИМ август айында кайрылышса, мен июлда аларга арыз жазгам. Арыз жазганым бул машинелердин ээси бар дегенди билдирет. Бул кишилердин автоунааларды каттатууга мүмкүнчүлүгү болгон эмес. Каттоодон баш тарткан күндө деле алардын сотко кайрылууга укугу бар. Анткени ал сатып алуучу. А булар болсо каттоого мүмкүнчүлүк бербей, “ээси жок” деп соттон чыгартып алып, өздөрү минип алышты”, - деди жактоочу.

Адвокат айтып жактан Rav4 үлгүсүндөгү автоунаалар ИИМге өткөрүлгөнү расмий такталбаганын белгилеп кетели. Министрлик бул маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок.

ИИМде пайда болгон Rav4 машинелери

11-октябрда ИИМдин Фейсбуктагы баракчасында 12-13-октябрь күндөрү КМШ мамлекеттеринин саммитинде милиция күчөтүлгөн тартипте иштээрин жарыялаган.

Маалыматтагы сүрөттө ак түстөгү, милициянын кызматтык унаасы экени жазылган, айгай салуучу жабдыктар орнотулган Rav4 үлгүсүндөгү жети автоунааны көрүүгө болот. Милицияга мындай кымбат автоунаалар качан берилгени жөнүндө маалымат жок.

Буга чейин милицияга аты-жөну ачык айтылбаган демөөрчүлөр автоунааларды белек кылган учурлар да болгон.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG