Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:49

Бийликтин укуругу базар башчыларына жетти


Атайын кызмат соодагерлердин ККМге каршы нааразылык акцияларынан кийин Бишкектеги айрым базарлардын башчылары менен салыкчыларын кармады. Алар ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу жана коррупциялык схеманы уюштурууга шек саналып жатат.

УКМК башчысы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдиргенден кийин, базар башчылары ижара акысын арзандата баштады. Муну "өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарып жатат" деп баалагандар да бар.

Бишкек шаарындагы “Баткен-Комфорт” курулуш материалдарын саткан базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, ижара баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталганын 11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) маалымдады. Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, базарга ээлик кылган “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (Т.Б.Б.), анын орун басары (Ш.М.А.) жана кассир-эсепчиси (С.О.Н.) кармалды.

Атайын кызмат аларга “ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап, ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулткан” деген айып таккан. Чогулган каражат жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзүп келген.

“Ошол эле учурда ижара келишимдеринин шарттарына ылайык, коопсуздук кызматтары ижара төлөмдөрүнүн наркына киргизилген. Бул кылмыштуу аракеттери менен базар жетекчилиги салыктарды төлөөдөн качкан, ошондой эле ижарачылардан өндүрүлгөн каражаттарды мыйзамсыз өздөштүрүп, соодагерлерге жана базардын кызматкерлерине тиешелүү ыңгайлуу шарттарды түзүп берген эмес. Мындан тышкары 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33% жогорулаткан. Буга кошумча архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу жана соода жайларын мыйзамсыз жайгаштыруу фактылары аныкталган”, – деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Кармалган адамдар Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

“Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчилиги жана кармалгандардын адвокаттары азырынча УКМКнын айыптоосу жөнүндө комментарий бере элек.

Коопсуздук комитети өз маалыматында “Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылыштагы депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев экенин билдирди.

Шадиевди Бишкектин Биринчи Май райондук соту “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу” беренелери менен күнөөлүү деп таап, 2020-жылы 10-июнда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

Базардагы коррупцияга шектелген салыкчылар

Атайын кызмат ушул эле күнү салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу “Дордой” соода-базар комплексинде салык чогултууга жооптуу болгон 5 салык кызматкери кармалганын маалымдады. Алар “өздөрү баюу максатында ишкерлердин салык төлөөдөн качуусуна шарт түзүп, коррупциялык схеманы уюштурууга” шектелип жатат. Маалыматта “аталган схема кеминде беш-алты жыл туруктуу иштегени жана Салык кызматынын кызматкерлери ар бир мыйзамсыз аракеттери үчүн акчалай сыйлык алып турганы” да белгиленген.

УКМК билдиргендей, “Дордой” соода-базар комплексинин бир базарынын аймагында 600дөн ашык соода жайлары болсо, салык 400 гана ишкерден түшүп турган.

Кармалган салыкчылардын төртөөнө (М.А.Ч., Ж.А.М., Т.Н.Г., К.А.К.) Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча айып тагылган. Алардын дагы бири (А.А.Б.) Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине (“Кармоонун негиздери”) ылайык кармалган.

Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

"Дордой" базары деп жалпы аталганы менен, комплекстин аймагында ондогон базарлардын администрациялары бар экени маалым. Анда 50 миңден ашуун киши иштейт. УКМК кармалган салыкчылар анын кайсынысында иштегенин тактаган жок.

2-декабрда Мамлекеттик салык кызматы алар жумуштан алынганын маалымдады.

Тиешелүү буйрукка Салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов кол койду.

Мекеме укук коргоо органдары базарларда салык чогултууга жооптуу болгон салык органдарынын кызматкерлеринин мурдагы жылдардагы ишине талдоо жүргүзүп жатканын кошумчалады.

“Салык кызматы бүгүнкү күндө салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер менен байланышты азайтуунун алкагында “Дордой” базарындагы бардык кызматкерлерин чыгарды”, - деп айтылат маалыматта.

Кармалгандар өздөрү жана алардын адвокаттары атайын кызматтын айыптоосу боюнча комментарий берише элек.

ККМ маселеси анын ичинде салыкчылардын кармалышы Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында дагы көтөрүлдү. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдувапов Атайын кызмат кармаган салыкчылыр мурдагы иштери үчүн кармалганын депутаттын суроосуна жооп берип жатып билдирди:

Алтынбек Абдувапов
Алтынбек Абдувапов

"Бул мурунку иштегендер. "Дордойдо" кураторлук кылган инспекторлорду кармады. 2023-жылдан бери кураторлук деген жок, "Дордойдогу" бардык инспекторлорду алып чыгып кеткен болчубуз".

Депутат Камила Талиева салыкты жашыруу фактысы башка базарларда дагы болушу мүмкүн экенин белгиледи. Салык кызматынын жетекчиси башка базарлар тууралуу маалымат берген жок.

Ушул күндөрү Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга байланыштуу Бишкек шаарындагы жана аймактардагы ири базарлардын соодагерлеринин арасында нааразылык жаралып, 29-ноябрдан 5-декабрга чейин патент системасын калтырууну талап кылган акцияларды өткөрүштү.

5-декабрда президент Садыр Жапаров "Дордойдо" соодагерлер менен жолугуп, алардын талаптарын уккан. Андан кийин “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде “эгер соодагерлердин митинги токтобосо, бийлик базарларга "Кумтөр” сыяктуу эле тышкы башкаруу киргизерин" айткан.

6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базарлардын ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген. Ал УКМКнын Аламүдүн райондук бөлүмүнүн жаңы имаратын ачып жатып, комитеттин кызматкерлерине "базар ээлерин көзөмөлдөөнү, алардын ижара акыны көтөрүүсүнө жол бербөөнү" тапшырган.

Базар ээлери ижараны түшүрө баштады

Ушундан кийин бир топ базарлардын башчылары ижара акысы арзандаганын айтып чыгышты. Ишкер Аскар Салымбеков "Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандаганын "Азаттыкка" билдирди. Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.

Ошону менен катар "Дордой" базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат. "Дордой" базарынын кесиптик кошуунунун төрагасы Дамира Дөөлөталиева салыкчылардын кармалышы жана оңдоп-түзөөлөр туурасында буларды билдирди:

Дамира Дөөлөталиева.
Дамира Дөөлөталиева.

"Реконструкция иштери эч качан токтогон эмес. Бул ай сайын, жыл сайын боло берет. Даараткана, суу деп айтып жатышат. Аларды дагы оңдой башташкан. "Дордой" өзү саз жерде турат, жыл сайын эле жолдор жасалып турат. Бир линиянын шыйпырларын жасоо бир ай мурда эле планда болчу, ал дагы жасалат. Мен өзүм "Дордойго" 1995-жылы келгем. Анда чатыр дагы, жылуулук дагы жок эле. Жакшынакай эле соода кылчубуз. Саз жер өзү суук болот. Азыр жылуулук берип жатышат. Кийинип көргөнгө болбойт дешет. Бул соода борбору эмес да. Соода борборун куралы десе, бир киши да макул болбойт. Азыр эми беш салыкчы кармалыптыр деп уктум. Бизде жарым жылдан ашуун убактан бери салыкчылар иштебейт. Эмнеге дегенде көбү эле кассага төлөшөт. Бул мурдагы иштери боюнча кармаганбы же башка базардабы, мен дагы таң калып жатам. Буга чейин салык кызматында коррупциялык схема боло келген, патент албай эле салыкчылар менен сүйлөшүп, патенттин баасы 5 миң болсо 3-4 миң чөнтөгүнө төлөгөн учурларды соодагерлер өздөрү деле мурда айтып жүрүшкөн. Биз, администрация, кийлигишип, Салык кызматы менен бирге андайдын баарын жойгонбуз".

Дөөлөталиева ижаранын төмөндөшү тууралуу буларды айтты:

"Дордойдо базардын администрациясына төлөй турган ижара акысы бар. Соодагерлер катарына жараша айына 800 сомдон 11,5 миң сомго чейин төлөшөт. 11,5 миң төлөгөн 4-5 эле катар бар. Ошолорду дагы түшүрүп жатабыз, бул контейнер ээлерине жеңилдик болууда. Контейнердин ээлери 2,5 - 3 миң долларга орунду ижарага берет. Жыл сайын соода токтоп калганда, пандемиядагыдай эле кожоюндар менен сүйлөшүп, жардам берип турабыз. Азыр эми соодагерлер контейнердин ижарасы түшсүн деп, эми кошуун ошону сүйлөшүп жатат".

"Дордой" менен катар акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы аренда акыларын арзандатканын айтып жатышат. "Аламүдүн" базары 30-50 пайызга, "ЗимаЛетто" компаниясы өз базарында 25 пайызга, "Оберон" базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

Бирок соодагерлер бул маселени чечпей турганын белгилеп жатышат. "Дордойдо" соода кылган ишкерлердин бири Урмат Байымбетов салыкчылардын кармалышы боюнча пикирин айтты:

"Дордой ачылгандан бери эле салык кызматы ушинтип иштеп келген. Өздөрүнө акча чыгарыш үчүн 8 миңдин ордуна 4 миң эле бер, бүтүрүп койобуз деп ушинтип сунушташкан. 20 жылдан бери эле келаткан система. Дордойдогу абалга түздөн түз салыкчылардын дагы күнөөсү бар. Жетекчилери деле муну билген, өзү көзөмөлдөп турса, элдин баары эле төлөмөк. Соода бир нече апта токтоп калган кезде, соодагерлер өздөрү дагы аргасыздан дагы ушуга барат. Эгер өкмөт киргизип жаткан системага өтсөк, салык кызматынын "Дордойго" тиешеси деле жок экен. Базардын өзүнүн жазылбаган мыйзамдары бар. Азыр ыйлап жаткан соодагерлер ижараны 3 миң долларга чыгарган өздөрү. "Тигини чыгар, мен 3 миң берем, алдын ала берем" деп баштайт. Кожоюндар ай сайын эле алып турганга деле макул. Эми азыр өздөрү баштаган нерсеге өздөрү түшүп жатат. Сезон жок учурда ижараны ансыз деле түшүп беришет, соода кызыган учурда көтөрөт же чыгарып, көбүрөөк төлөгөн башканы киргизет".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өкмөт жаңы салык саясатын аягына чыгарып, Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) сөзсүз ишке киргизе турганын билдирди. Бул тууралуу ал 11-декабрда парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында айтты.

Өкмөт башчы ноябрдын аягы, декабрь айынын башында Бишкекте жана аймактарда ККМге каршы нааразылык акцияларды уюштургандар тууралуу маалыматтар бар экенин, алардын аты-жөнү ачык жарыяланарын кошумчалады.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева базарларга тышкы башкаруу киргизүү демилгесин "мыйзамсыз" деп сынга алган. Ал "Ишкерлер ККМге каршы чыкса, өкмөт өзүнүн кемчиликтери үчүн жоопкерчиликти базардын ээлерине оодарганы туура эмес" деген пикирин билдирген.

Базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек болчу. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип, ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе, көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын кайталап жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG