Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:43

Аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев камакка алынды


Биринчи май райондук соту.
Биринчи май райондук соту.

Куралдуу күчтөрдүн ардагери, аскердик укук коргоочу Анвар Сартаев камакка алынды. Маалыматты “Азаттыкка” Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы ырастап, ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү, “Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар” менен айып коюлганын билдирди.

Маалыматка ылайык, сот Биринчи май райондук милициясынын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, 3-февралда Анвар Сартаевди 1-апрелге чейин камакка алган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) иштин чоо-жайы тууралуу маалымат бере элек.

Анвар Сартаев аскердик укук коргоочу катары таанымал. 2015-жылы Кыргызстандын акыйкатчысы кызматына талапкерлигин койгон. 2017-жылы президенттикке талапкерлигин көрсөтүп кайра чакыртып алган. 2022-жылы Бишкектеги Биринчи май округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышкан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG