Иранда сот полиция бөлүмүндө каза болгон Махса Амининин тууганы Сафа Ааэлини жалпысынан 5,5 жылга эркинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарды. Hengaw укук коргоо уюмунун маалыматына караганда, Ааэли нааразылык акцияларына катышканы үчүн күнөөлүү деп табылып, “аятолла Али Хаменеиге акаарат келтирген” жана “өкмөткө каршы үгүт иштерди” жүргүзгөн деп айыпталды, сот өкүмү 11-февралда жарыяланды.
Сот Сафа Ааэлини Амининин өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларында каза болгон күч кызматкери тууралуу биографиялык макала жазууга жана аны камактагы башка адамдар арасында жайылтуугада милдеттендирди. Жаза мөөнөтүн бөлүп-бөлүп өтөөгө уруксат берилди, бирок Ирандын бийлигин сыноого, эки жыл аралыгында чет жакка чыгууга тыюу салынды.
Ааэлини былтыр туугандары Аминини эскерип жаткан иш-чарада өз үйүнөн кармап кетишкен.
2022-жылы күзүндө хижабды туура эмес тагынган деген негизде кармалган 22 жаштагы Махса Амининин полиция бөлүмүндөгү өлүмүнөн соң тутанган, кийин күч менен басылган «Аялдар, жашоо, эркиндик» масштабдуу нааразылык акциялары учурунда 500дөй адамдын өмүрү кыйылган, он миңдеген адам камакка алынган. Демонстранттардын бир нечеси дарга асылган. (RK)