Ирандын мунай министри Жавад Оужи Ирандын эки провинциясында газ түтүгүнө зыян келтирген жардыруулар үчүн Израилди айыптады.
"Фарда" радиосу жазгандай, 21-февралда журналисттерге сүйлөп жатып, министр ал окуяларды Израил тарабынан атайын уюштурулган, Ирандын ири провинцияларын газ менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратууга багытталган диверсия деп сыпаттады. Оужи өз дооматтарына далил келтирген жок. Ал куурлар оңдолгонун кошумчалады.
Израилдин бийликтери бул айыптоолорго байланыштуу эч кандай билдирүү жасаган жок.
14-февралдагы жарылуулар өлкөнүн улуттук газ куурларын бутага алып, Ирандын кеминде беш провинциясына газ агымы олуттуу үзгүлтүккө учурады. Жардыруулардын добушу Фарс, Чахармахал жана Бахтияри провинцияларында угулуп, улуттук газ компаниясы окуяларды "саботаж жана теракт" деп мүнөздөдү.
New York Times гезити 16-февралда Батыштын эки расмий өкүлүнө жана Ислам революциясынын сакчылар корпусуна байланышы бар аскер экспертине шилтеме жасап, куурдагы жардыруулардын гана эмес, Тегерандын батышындагы химиялык заводдогу окуянын да артында Израил турушу мүмкүн деп жазган.
Заводдогу окуяны да Израил комментарийлеген жок.
Иран менен Израил көп жылдардан бери касташып, көмүскө согуш жүргүзүп келет. Ортодогу чыңалуу Израил менен Хамастын (АКШ жана Евробиримдикте террордук уюм деп табылган) Газа тилкесинде уланып жаткан урушунан улам ого бетер курчуду.