Катуу шамалдын кесепети
28-мартта болгон катуу шамалдан Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жаракат алып ооруканага кайрылгандардын саны 26га жетти. Алардын ичинен ушул тапта алты адам ооруканада жатат. Калган 20 киши үйүнөн дарыланууга жөнөтүлгөн. Эки адамдын жамбашы сынган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматына ылайык, шамалдан Бишкек шаарында, Чүй жана Талас облустарында баш-аягы 154 объект - 70 социалдык мекеме, 80 турак жай, төрт чарбалык курулуш зыян тарткан.
AI президентти “чет өлкөлүк өкүл” долбооруна вето коюуга чакырды
Amnesty International (AI) эл аралык уюмунун баш катчысы Аньес Калламар президент Садыр Жапаровду Жогорку Кеңеш кабыл алган “чет өлкөлүк өкүл” тууралуу мыйзам долбооруна вето коюуга чакырды. 14-мартта “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” талаштуу мыйзам долбоору парламентте үчүнчү окууда талкуусуз кабыл алынган. Президент ага кол коё элек. Эл аралык бир катар уюмдар өлкө башчыны документти четке кагууга чакырып жатат.
ЖМК боюнча жаңы долбоор эки айда даярдалат
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу үчүн түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен жолугушту. Ал эки айдын ичинде мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгып, президенттик администрацияга жиберүү керек экенин айтты. Жумушчу топто “Медиа Полиси” институтунун юристи Нурбек Сыдыков, Kaktus.media басылмасынын негиздөөчүсү Дина Маслова, “Азаттыктын” кызматкери Кубат Оторбаев, Next TV телеканалынын башкы продюссери Дмитрий Ложников да бар. Ага Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, юрист Акмат Алагушев да кирди. 13-мартта президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Министрлер кабинети сунуштаган “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоору артка кайтарылган.
Шайлоодо талапкер болуу үчүн 42 киши арыз берди
28-мартта Ош, Кара-Суу жана Баткен бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди көрсөтүү аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) маалыматына ылайык, Ош округунан 18 (экөө - аялдар), Кара-Суу менен Баткен округдарынан 12ден (баары эркек) киши шайлоодо талапкер болуу үчүн арыз берди. Үч округда шайлоо 28-апрелде өтөт.
Орус армиясы Украинанын аймагына “Шахеддер” менен жапырт сокку урду
Жалпысынан 99 “Шахед” дрону жана "Кинжал", "Искандер-М" ракеталары колдонулганын украин армиясы билдирди. Алардын 84ү абадан атып түшүрүлгөнү маалым болду. “Укрэнерго” компаниясы маалымдагандай, орус күчтөрү атайылап энергетикалык объектилерди бутага алган. Өлкөнүн батыш жана борбордук бөлүгүндөгү ЖЭБдер жана ГЭСтер жабыркаганы маалым болду. Энергетика министри Герман Галущенко билдиргендей, бул жолу да өлкөнүн энергетикалык системасына жапырт сокку урулду. Бул ирет Днепропетровск, Полтавск жана Черкасск облустарындагы объектилер бутага алынды. Москва Украинанын аймагына урулган сокку тууралуу маалымат бере элек.
Казакстан өз жарандарын Харьков жана Одессадан чыгып кетүүгө чакырды
Казакстандын Киевдеги элчилиги өз жарандарын “чыңалуу күчөп, коопсуздук кырдаалына байланыштуу” Одесса жана Харьков облустарынан чыгып кетүүгө чакырды. Дипломатиялык миссиянын сайтында жарандарга Польша жана Молдовага жетип алып, андан ары учуп кетсе болору жарыяланды. Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский жаздын соңунда Орусия өз чабуулдарын күчөтүшү мүмкүн экенин билдирген. Аскердик эксперттердин пикиринде, негизги соккулар Одесса менен Харьковго багытталышы мүмкүн. 27-мартта орус армиясы Харьковго авиабомба таштаганы кабарланды.
Москвадагы терактка байланыштуу тогузунчу адам камалды
Москванын Басман райондук соту “Крокус Ситиге” кол салууга байланышы бар деп шектелген тогузунчу кишини эки айга камады. 23 жаштагы Тажикстандын жараны Лутфуллои Назримадга “террорчуларды каржылоо схемасына аралашкан” деген айып тагылууда. Бул берене боюнча Орусияда өмүр бою эркинен ажыратууга чейин каралат. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу өз мойнуна алды. Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы 11 шектүү кармалганын билдирген. Алардын ичинен төрт киши “теракты ишке ашырууга” шектелип, эки айга камалды. Андан тышкары "кол салууга байланышы бар" деген шек менен Исроил Исломов уулдары Аминчон жана Диловар менен камалды. Андан тышкары теги кыргызстандык, орус жараны Алишер Касимов да кармалды.
Amnesty International Исламабадды жүздөгөн ооган аялды өлкөдөн чыгарууну токтотууга чакырды
Эл аралык укук коргоо уюму мындай билдирүүнү Пакистандан ооган качкындарын жапырт депортациялоонун жаңы баскычын утурлай жасады. Расмий Исламабад апрель айында расмий каттоого турбаган 850 миңдей ооган качкынды депортациялоону көздөп жатат. Бийлик ага чейин качкындарды өз ыктыяры менен өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган. Октябрдан бери Пакистан документи жок жүргөн 500 миңдей ооганды өлкөдөн чыгарган. Исламабад 1951-жылы кабыл алган БУУнун Качкындар конвенциясына кол койгон эмес.
Арменияда орусиялык алып баруучу Соловьевдун программалары бөгөттөлдү
Армян өкмөтү орус телеканалындагы "Вечер с Владимиром Соловьевым" жана "Воскресный вечер с Владимиром Соловьевым" деген автордук программаларды эми өлкө аймагында көрсөтүүгө тыюу салды. Ереван белгиленгендей, блоктоо тууралуу чечим армян-орус өкмөттөрүнүн ортосундагы макулдашууну "улам бузуу фактыларына" байланыштуу кабыл алынган. Орусиянын Журналисттер союзу муну "сөз эркиндигин бузуу" деп атады.