Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Миграциядан улам 80 миң бала жакындарынын колунда тарбияланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Жыпариса Рысбекова өткөн жылы ички жана тышкы миграцияга байланыштуу 70 миң бала туугандарынын, 1000 бала тууган эмес жакындарынын колунда калганын билдирди.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 22-майдагы жыйынында айтты.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) 2024-жылдын биринчи кварталындагы маалыматы боюнча, Кыргызстандын 655 миңден ашык жараны чет өлкөдө миграцияда жүрөт. Алардын көбү Орусияда эмгектенет.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар акыркы эки жылы катары менен эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири катары жумушсуздукту аташкан. (BTo)

XS
SM
MD
LG