Жергиликтүү шайлоо: Шаардык кеңештерге кимдер келди?
17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтүп, анын жыйынтыгы менен “Жаңы Кыргызстан”, “Ынтымак”, “Жаңы күч”, “Адилет” жана “Эмгек” сыяктуу партиялары жеңишке жетти. Бул шайлоодо Социал-демократтар партиясы Бишкектеги жарыштан четтеши, анын лидери Темирлан Султанбеков камалды. Жергиликтүү кеңештин деңгээлиндеги саясий сахнага буга чейин активдүү болбогон айрым партиялар келишти. Ошол эле учурда мурдагыдай добуш сатып алуу, административдик ресурс колдонуу сыяктуу көрүнүштөр дээрлик жок болгону да белгиленди. “Эксперттер талдайт” берүүсүндө шайлоонун жыйынтыгын, шаардык кеңештердин болжолдуу курамын талкуулайбыз.
Чыгарылыштар
-
Июль 03, 2026"75чилердин иши": Сот өкүмүнүн укуктук жана саясий баасы
-
Июнь 18, 2026Соңку кырдаал: Саясий тиреш тереңдедиби?
-
Июнь 09, 2026"75чилердин иши": Ачык сот талабы аткарылабы?
-
Апрель 30, 2026Евробиримдиктин санкциясы Кыргызстанга эмнеге кооптуу?
-
Апрель 29, 2026Ташиевге кылмыш иши козголду. Окуя кандай өнүгөт?
-
Апрель 22, 2026Күч органдары ачык-айкындуулук менен адискөйлүктөн алыспы?
Шерине