Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Январь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:41

Өспүрүмдөрдү мазактаган видеого байланыштуу териштирүү башталды


Өспүрүмдөрдү мазактап, видеого тарткан фактыны Свердлов райондук ички иштер башкармалыгы атайын журналга каттады.

Учурда тергөөгө чейинки текшерүүлөр жүрүп жатат. Окуяга тиешеси барлар аныкталып, суракка алынууда, атайын экспертизалар дайындалды.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кылмыш-процессуалдык кодекстин алкагында чечим кабыл алынат. Аталган факты Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын көзөмөлүндө", - деп билдиришти милициядан 6-январда "Азаттыкка".

Ага чейин WhatsApp тайпаларда уландарды белгисиз бирөө кемсинтип, ар кандай ыкмалар менен коркутуп жаткан видео тараган. Баштапкы маалыматта видео Бишкектин четиндеги айылдардын бириндеги жеке үйдө тартылганы айтылган.

Кыргызстанда өспүрүмдөр арасындагы чоңсунуу, өкүмзордук же буллинг буга чейин да катталган. Адистер жашы жете электер менен иштөөчү инспекторлордун санын көбөйтүп, мектептерди психолог менен камсыздоо зарылдыгын айтып келишет.

Өткөн жылы Бишкектеги №72 орто мектептин 8-классынын окуучусунун өлүмүнө шек саналып ушул эле мектептин 9-классынын окуучусу кармалган. Жумгал районунда Баш-Кууганды орто мектебинин 10-классынын эки окуучусу чатакташып, натыйжада балдардын бири жараат алып, ооруканага жеткирилген. Өзгөн районунда да окуучулар мушташып, бирөө ооруканага түшкөн.

Ички иштер министрлигинин маалыматында, 2024-жылы он айда Кыргызстанда 75 бала өз жанын кыйган. Айрым балдардын жакындары суицидге айлана-чөйрөсүндөгү буллинг, мектептеги рэкетчилик себеп болгонун айтышкан. (ST)

Шерине

 

XS
SM
MD
LG