Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:52
Tashiev
Tashiev

"75чилер иши": Бишкек соту беренени алмаштырып, жаза мөөнөтүн кыскартты

Бишкек шаардык сотунда 10-сентябрда "75чилер каты" боюнча апелляциялык арыз каралып бүтүп, өкүм чыкты. Сот отурумдары жабык өттү.

Райондук сотто “Бийликти күч менен басып алуу” деп айыпталган топтун башында Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу, Курманкул Зулушев жана Бекболот Талгарбеков турган деген өкүм чыккан. Коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси, мурдагы айыл чарба министри Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен кине коюлган.

Шаардык сотто "Бийликти күч менен басып алуу" беренеси жокко чыгарылып, 195-беренеге ("Шайлоо укуктарын жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу") кайра квалификация болду. Бардык айыпталуучуларга төрт жылдык мөөнөт чегерилип, эки жылдык пробация түрүндөгү жаза мөөнөтү аныкталды.

15:18 11.2.2026

Мамлекеттик күзөт кызматы Камчыбек Ташиевди кайтарууну улантат

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди Мамлекеттик күзөт кызматы кайтарууну улантат. Бул тууралуу Мамлекеттик күзөт кызматынын төрагасы Сыргак Бердикожоев 11-февралда айтканын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

“Социалдык тармактарда Камчыбек Ташиевдин коопсуздугу боюнча жарандар билдирип жаткан тынчсыздануулар тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан эске алынууда. Президент Садыр Жапаров тиешелүү тапшырмаларды берди”, - деп билдирген Бердикожоев.

Мунун алдында социалдык тармактарда Камчыбек Ташиев атайын кызматты башкарып турганда коррупцияга жана уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөш жүргүзгөнүн белгилеп, кызматтан кеткенден кийин анын коопсуздугуна камтамачылык билдиргендер болгон.


13:35 11.2.2026

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевди кызматтан алуу чечими боюнча пикирин билдирди.

Ал бул тууралуу Фейсбуктагы расмий баракчасына пост чыгарып, Садыр Жапаров акыркы беш жылда мамлекеттик маанидеги бир да маанилүү чечимди Камчыбек Ташиев менен кеңешпей туруп кабыл албаганын жазды. Эдил Байсалов Кыргызстандын бул аралыктагы саясий тарыхы көпчүлүк үчүн күтүүсүз аяктаганын, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымга президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу 75 адамдан турган топтун кайрылуусу негиз болгонун белгиледи.

“Алар көп жылдар бою туруктуулукту камсыз кылып келген тең салмактуулукту бузуп башташты. Натыйжада түшүнүксүз жагдайлар пайда болду. Коомдо кош бийлик, мөөнөтүнөн мурда шайлоо зарылдыгы жана азыркы бийлик мыйзамсыз отурганы тууралуу пикир жарала баштады. Дал ушул чагымчылдар жана алардын амбициялары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосундагы ажырымды пайда кылып, бул коомду жана мамлекетти бөлүп-жаруу коркунучун туудурду”, - деп жазды.

Эдил Байсалов акыркы жылдары мамлекеттик башкарууда тең салмактуулук жоголуп, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) айрым кызматкерлери өлкөдө тартип орнотуу шылтоосу менен ыйгарым укуктарынан аша чаап, коомчулукта коркуу сезимин жаратып койгонун кошумчалады. Бул жарандык коомдун, бизнес өкүлдөрүнүн жана жаштардын сынына кабылганын айтты.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Германияда дарыланып жаткан Камчыбек Ташиев 11-февралда аны кызматтан алуу боюнча Садыр Жапаровдун чечими күтүүсүз болгонун билдирди.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан. Ал 11-февралда Ички иштер министрлигине (ИИМ) суракка жеткирилди.

11:00 11.2.2026

Жогорку Кеңештин депутаты Үмбөталы Кыдыралиев парламенттин 11-февралдагы жыйынында президент Садыр Жапаровдун Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевди жумуштан алганы боюнча айтып чыкты. Ал 2006-жылдары “Ата-Журт” партиясы түзүлгөнүн, анын негиздөөчүлөрү Жапаров менен Ташиев болгонун эске салды.

Депутаттын пикиринде, бул тандем өлкөдөгү экономиканын өнүгүшүндө, чек ара маселелеринин чечилишинде маанилүү ролду ойноду.

"Мамлекет жакшы нукта баратат, өнүгүүдө. Жумушта же биз да жакындарыбыз менен кээде түшүнбөй калган учурлар болот. Ошол үчүн мен эки досумду чакырат элем... Баары жакшы болот, баарыбыз бир болобуз. Алдыга койгон максаттарга жетебиз. Экөө тең кыргыз элинин патриоту, экөө тең журт дегенде ичкен ашын жерге коёт. Ошол үчүн парламент – биз дагы ушул күндөрү бөлүнбөй, ынтымакта туруп койсок, Кыргызстан кубаттуу мамлекет болот деп ишенем”, - деди Кыдыралиев.

10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотту. Андан тышкары орун басарлары да жумуштан алынды.

Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды жана кызмат ордуна дайындоо үчүн талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет. Ал тууралуу ачык булактарда маалымат аз. 56 жаштагы Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын төрагасынын орун басары, 9-кызматтын башчысы кызматында иштеп келаткан.

Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевдин кызматтан алынышы тууралуу кыска комментарий берип, бул чечимди “мамлекеттик түзүмдөр ортосунда биримдикти чыңдоо аракети” деп баалаган. Бул тууралуу “Азаттыкка” президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирген.

Ташиев 11-февралдын таңында мындай чечим тууралуу үн катып, бул өтө күтүүсүз болгонун жана президенттин чечимин аткарууга милдеттүү экенин белгиледи.

Камчыбек Ташиев 2020-жылдагы Октябрь окуясынан кийин ошол эле жылдын 16-октябрында УКМКнын төрагасы болуп дайындалган.

10:17 11.2.2026

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду суракка алып кеткени кабарланды. Бул тууралуу “Азаттыкка” уулу Арстан Талгарбеков билдирди.

Анын сөзүнө караганда, ИИМдин үч кызматкери 11-февралда Бекболот Талгарбековдун үйүнө барып, тинтүү жүргүзгөн. Кайсыл кылмыш ишине байланыштуу сурак берери тууралуу маалыматы жок экенин айтты.

ИИМ азырынча комментарий бере элек.

9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болушканын айтып чыгышкан.

Коомдук ишмер Бекболот Талгарбеков бул демилгени көтөргөндөрдүн бири экенин, коомдо талаш-тартыш жана ар кандай чагымчыл аракеттерди алдын алуу үчүн президенттик шайлоо өткөрүү керектигин айткан.

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов бул кайрылууну “коомчулукта, анын ичинде Жогорку Кеңеш өңдүү мамлекеттик түзүмдөрдөгү жооптуу кызматтагылардын арасында начар жагдайды жаратуу” аракети катары баалаган.

Дагы жүктөңүз

Шерине

XS
SM
MD
LG