Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:08

Ашуулар ачык, жолдордо каттам бар

Бишкек-Ош жолуна кум-туз чачуу. (архив)
Бишкек-Ош жолуна кум-туз чачуу. (архив)

Транспорт жана байланыш министрлиги бүгүн 18-февралда өлкөнүн бардык ашууларында жол ачык, каттам бардыгын билдирди.

Маалыматка ылайык, Жол тейлөө ишканаларынын кызматкерлери автоунаа жолдорунда кар тазалоо, кум-шагыл чачуу, ошондой эле кар күрткүлөрүн тазалоо иштерин күнү-түнү жүргүзүп жатышат.

Ошол эле учурда министрлик ашуу аркылуу жол жүргөн айдоочуларды жол коопсуздугун камсыздап, ылдамдыкты сактоого, каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин сактоого жана керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырды.

17-февраль күнү саат 12:10 чамасында Бишкек–Ош жолундагы Чычкан капчыгайынын эки тилкесине кар көчкү түшкөнүнө байланыштуу жол убактылуу жабылганы кабарланган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкөнүн тоолуу аймактарында жаан-чачын жаап, ашууларда кар көчкү түшүүсү мүмкүн экенин улам эскертүүдө. Жолдор тайгак болуп, муз тоңорун белгилеп, буга байланыштуу унаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоого чакырган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG