Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Талас райондук ички иштер башкармалыгынын (РИИБ) кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкери Т. Р. З. пара талап кылууга шек саналып кармалганын билдирди.
УКМКнын басма сөз кызматы кабарлагандай, Т.Р.З. узак убакыт бою Т.Н.Т. аттуу жаранга басым көрсөтүп, аны кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп, такай акча талап кылып келген. 21-февралда УКМК жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ички иликтөө кызматынын чогуу жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында Т.Р.З. талап кылынган паранын 100 миң сом өлчөмүндөгү бөлүгүн алып жаткан учурда кармалганы маалымдалды.
Шектүү Талас шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул ишке тиешеси бар башка да кызмат адамдарын аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат.
Кыргызстанда милиция кызматкерлерин УКМК түрдүү кылмыштарга шек санап, айыптап кармаган учурлар арбын. Алардын айрымдары кылмыш үстүндө кармалса, кээ бирлери иш учурунда, жалпы жамааттык жыйындар мезгилинде колуна кишен салынган.(ZKo)
Шерине