Метамфетамин деп аталган синтетикалык баңгизатын ташуучу каналдын жана трансулуттук кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган мекеменин кызматкерлери Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) жана коңшу өлкөлөрдүн укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун ишин токтотууга багытталган атайын операция жүргүзүшкөн. Натыйжада жасалма баңгизаттарды ташуучу канал бөгөттөлүп, трансулуттук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганы айтылды.
Мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8 килограмм метамфетамин алынган. Бул 50 000ден ашык дозаны түзөт, жалпы баасы 53 миллион сомдон ашуун.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) менен кылмыш иши козголду. Алынган баңгизаттар боюнча соттук-химиялык экспертизалар дайындалды.
Учурда коңшу мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте бул кылмыштуу топко тиешеси бар башка жарандарды аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылып жатканы кабарланды. (ZKo)
ИИМ метамфетамин маңзатын ташыган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаганын билдирди
Дагы караңыз
Шерине