Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:45

Былтыр карылар үйүндөгү 50дөй жаранга паспорт берилди

Карылар үйү. Чүй. Март, 2026-жыл.
Карылар үйү. Чүй. Март, 2026-жыл.

2025-жылы социалдык стационардык мекемелерде жашаган 157 жаранга паспорт алуусуна көмөк көрсөтүлүп, элүүдөй жаран паспорт менен камсыз болгон. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 24-мартта акыйкатчынын маалыматына жооп кылып билдирди.

Министрликтин кызматкерлеринин көмөгү менен дагы 108 адамдын тек-жайын тастыктоочу документ алуу иштер жүргүзүлүп жатканы маалымдалды. Булардын ичиндеги 15 адам акыйкатчынын өкүлдөрү мониторинг кылган Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүндө жашайт.

Министрлик социалдык-стационардык мекемелердеги жарандардын документтерин калыбына келтирүү жана тариздөө иштери туруктуу негизде жүргүзүлүп келерин, бирок айрым объективдүү себептерден улам узак убакытты талап кылган учурлар да бар экенин кошумчалаган. Кээ бир жарандар мурдагы союздук республикаларда (СССР) төрөлгөндүктөн, министрлик билдиргендей, аларга жаңы паспорт алуу үчүн талап кылынган туулгандыгы тууралуу күбөлүк (же анын дубликаты) жана нике тууралуу күбөлүктөрү жок, башка мамлекеттерге жөнөтүлгөн суроо-талаптар көп учурда жоопсуз калып келет. Ошол эле учурда стационардык мекемелерде башка өлкөнүн паспортун алып жүргөн жарандар да бар экени белгиленген.

Мындан тышкары карылар үйүнө жайгаштырылганга чейин туруктуу жашаган жери болбогон жарандар документтерин кайсы жактан алганын так айтып бере алышпагандыктан калыбына келтирүү кыйла татаал болору айтылды.

"Буга карабастан министрлик тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте маселелерди чечүү боюнча системалуу иш жүргүзүп келет. Тактап айтканда, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен кызматташтыкта документтештирүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизмин иштеп чыгуу демилгеленди", - деп жазылган маалыматта.

Акыйкатчы институту Чүйдөгү Төмөнкү-Серафимовка карылар үйүнө мониторинг жасаган учурда айрым карыялар тек-жайын тастыктоочу документи жоктугуна даттанышканын 24-мартта билдирген.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин карамагында 17 социалдык стационардык мекеме бар. Аларда 2 миңден ашуун адам жашайт — булар улгайган жарандар, майыптыгы бар адамдар, ошондой эле психоневрологиялык оорулары бар балдар жана чоңдор.(ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG