Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Апрель, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:14

Изи жок завод. Иран 4 жыл мурун Тажикстанда дрон чыгарарын жарыялаган

2022-жылдын 17-майы. Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн ошол кездеги башкы командачысы Мохаммад Багери жана Тажикстандын ошол учурдагы коргоо министри Шерали Мирзо дрон чыгаруучу заводдун ачылышында деп жарыяланган сүрөт.
2022-жылдын 17-майы. Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн ошол кездеги башкы командачысы Мохаммад Багери жана Тажикстандын ошол учурдагы коргоо министри Шерали Мирзо дрон чыгаруучу заводдун ачылышында деп жарыяланган сүрөт.

Иран Дүйшөмбүдө дрон чыгарган заводдун ачылыш аземин өткөргөндөн бери дээрлик төрт жыл өтсө да бул объекттин бар-жогу белгисиз. Эксперттер менен расмий өкүлдөр завод чындап эле дрон чыгарганбы же жөн гана Ирандын аскердик таасирин көрсөтүүгө багытталган кадам болгонбу деген суроого жооп издөөдө.

2022-жылдын май айында Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн командачысы Дүйшөмбү шаарына жакын аймакта Тажикстандын коргоо министри менен бирге сүрөткө түшүп, Ирандын чет өлкөдөгү алгачкы дрон чыгаруучу заводун ачып жатышканын жарыялаган.

Ал кезде маалымдалгандай, завод болжол менен 200 чакырым аралыкка уча алган Ababil-2 тактикалык чалгындоочу дрондорун чыгарууга багытталган. Бул аппараттар Ирандын аскердик экспортунун символуна айланган Shahed дрондоруна салыштырмалуу кичирээк жана арзаныраак деп мүнөздөлөт.

Сүрөткө түшкөн ал аткаминерлер азыр кызматта эмес.

Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзо өткөн жылдын башында кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында кызматтан алынган. Ал эми ирандык генерал-майор Мохаммад Багери былтыр июнь айында Израил менен Ирандын ортосундагы 12 күндүк согуш учурунда аба соккусунан каза болгон.

Бирок 2022-жылы Багери бул заводдун келечегине чоң үмүт артып, аны жогору баалаган.

«Бүгүн биз ички муктаждыктарды гана камсыз кылбастан, коопсуздукту чыңдоо үчүн аскердик техниканы союздаш жана дос өлкөлөргө экспорттой ала турган деңгээлге жеттик», - деген эле ал.

Эртеси күнү Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Багери менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы коргонуу тармагындагы кызматташтыкты расмий түрдө колдогон.

Бирок дээрлик төрт жыл өткөндөн кийин да бул завод чындап дрон чыгарып жатабы, эгер андай болсо, кайсы жакка жөнөтүлүп, кимдер колдонуп жатканы белгисиз бойдон калууда.

Ишкана чынында эле барбы?

Тажикстандын коргоо, тышкы иштер жана өнөр жай министрликтерине "Азаттык" радиосунун тажик кызматы жөнөткөн суроолорго расмий жооп болгон жок.

Бирок Дүйшөмбүдөгұ эки жогорку кызматтагы аткаминер журналисттерге завод такыр эле ишке кирбегенин билдиришкен.

«Дрон чыгаруучу завод бул Pepsi-Cola чыгарган ишкана эмес. Мен 1000 пайыз ишенем, Тажикстанда мындай завод жок. Таптакыр жок», - деди булактардын бири.

Тажик башкалаасында иштеген чет элдик дипломат да ушундай пикири менен бөлүштү. Анын айтымында, расмий ачылыш аземинен кийин завод тууралуу эч кандай маалымат чыккан эмес.

«Биз бул тууралуу жаңылыктардан окуганбыз. Чынын айтсам, андан кийин америкалыктардан да, өзүбүздөн да эч нерсе уккан жокпуз. Эгер мындай завод болгондо, алар сөзсүз текшерип, суроо беришмек. Бирок андай болгон жок», - деди дипломат.

Ирандын маалымат каражаттары завод Дүйшөмбү шаарынын четинде жайгашканын жазышкан. Айрым байкоочулар ал Айни авиабазасына жакын болушу мүмкүн экенин айтышат. Бул тажик, кээде орус аскерлери жайгашкан ири аскердик объект.

Киевдеги Жакынкы Чыгышты изилдөө борборунун директору Игорь Семиволос заманбап ачык булактарга негизделген чалгындоо ыкмалары (OSINT) спутниктен алынгн сүрөттөр жана башка жеткиликтүү маалыматтар аркылуу мындай өндүрүш сөзсүз аныкталмак деп эсептейт.

«Эгер бул таптакыр жашыруун өндүрүш болсо, азыркы OSINT мүмкүнчүлүктөрүн эске алганда, аны толук жашыруу кыйын. Бул дрондор эч жерде пайда болбогону эле бул долбоорду негиздүү түрдө жөн гана имитация катары баалоого болорун көрсөтөт»,-дейт ал.

Завод тууралуу жарыя Орусия 2022-жылдын февралында Украинага каршы толук масштабдуу согуш баштагандан бир нече ай өткөндөн кийин жасалган.

Ал эми 2022-жылдын жай айларында Иран Орусияга Shahed дрондорун жеткире баштаган.

Ушундай шартта, Семиволостун айтымында, ирандык дрондор темасы Тажикстан үчүн саясий жактан кооптуу болуп калган. Анткени Тегеран же Москва менен аскердик-техникалык кызматташтык эл аралык көңүл бурууга, санкцияларга же дипломатиялык басымга алып келиши мүмкүн эле. Ошондуктан Дүйшөмбү өз пландарын кайра карап чыккан болушу ыктымал.

«Балким, тажик бийлиги кырдаалды татаалдаштырбоону чечип, бул процессти акырындап жайлаткан же экинчи планга жылдырган»,- деп кошумчалады ал.

Ababil-2 дрондору орус аскерлеринде бар экени боюнча далил жок

Тажик бийлиги бул маселе боюнча 2022-жылдын 30-октябрында алгач ирет үн каткан. Ал күнү Тышкы иштер министрлиги өлкөдө өндүрүлгөн дрондор Орусияга Украинадагы согушта колдонуу үчүн жеткирилген деген маалыматтарды четке каккан.

Билдирүүдө мекеме заводдун бар-жогун ырастаган да, төгүнгө чыгарган да эмес. Бирок Тажикстан «аскердик техниканы үчүнчү өлкөлөргө экспорттобойт» деп белгилеген.

Семиволос Украинадагы согуш талаасында бул заводго тиешелүү дрондордун эч кандай изи табылбаганын баса белгилейт.

«Биз иш жүзүндө Ababil-2 дрондорун эч жерден көргөн жокпуз. Эгер орус-украин фронту тууралуу айтсак, мындай дрондор ал жакта болгон эмес. Бул заводдун өндүрүш көлөмүн жана ишмердүүлүгүн баалоо өтө кыйын»,-дейт ал.

«Азаттык» радиосуна анонимдүү маек курган тажик аткаминерлердин бири 2022-жылдагы заводдун ачылыш аземи ирандык пропаганда үчүн атайын уюштурулганын айткан. Бирок анын максаттары тууралуу кеңири маалымат берген эмес.

Флорида эл аралык университетинин саясат таануу жана эл аралык мамилелер кафедрасынын доценти Эрик Лоб «Эркин Европа/Азаттыкка» билдиргендей, эгер дрон чыгаруучу заводдун ачылышы жасалма көрүнүш болгон болсо, анда бул ирандык пропаганданы жайылтуу үчүн жасалган болушу мүмкүн.

«Бул сыяктуу салтанаттуу жана көркөм жолугушуулар эл аралык обочолонууга символикалуу түрдө каршы туруунун бир ыкмасы. Ошондой эле Иран жалгыз эмес экенин көрсөтүүчү белги. Мындан тышкары, ички аудитория үчүн да бул режимдин союздаштары, өнөктөштөрү жана достору бар экенин билдирген белги болуп саналат», — деп эсептейт ал.

Куржундар
XS
SM
MD
LG