Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Апрель, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

Баткенде алимент төлөөдөн баш тарткан жаран эки жылга кесилди

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен райондук сотунун чечими менен облустун Д.С.К. аттуу жараны алимент төлөбөй жүргөнү үчүн эки жылга эркиндигинен ажыратылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын алдындагы Сот аткаруучулар кызматы 6-апрелде маалымдады.

Маалыматка ылайык, ал О.Ж.Г. аттуу жаранга кирешесинин жарымын алимент катары төлөөгө милдеттүү болгону менен аны аткарган эмес. Натыйжада 2022-жылдын 8-декабрынан быйылкы жылдын 1-январына чейинки алимент карызы 425 801 сомду түзгөн.

"Карызкор алимент төлөөдөн кыянаттык менен баш тарткандыгына байланыштуу материалдар сотко жөнөтүлүп, 3-апрелде Баткен райондук сотунун өкүмү менен Д.С.К. сот залынан камакка алынып, эки жылга эркиндигинен ажыратылды", - деп билдирди Сот аткаруу кызматы.

Алимент төлөбөгөн жарандарды сот аркылуу эркиндигинен ажыратуу тажрыйбасы Кыргызстанда быйыл ишке аша баштады. Буга чейин Баткен облусунун, Манас шаарынын, Сузак районунун тургундары сот чечими менен кесилип, сот залынан камакка алынышкан.

Ошондой эле 400-500 миң сомдон 1 миллион сомго чейинки алимент карызы бар жарандардан карызы өндүрүлгөнү маалымдалган.

Башкы прокуратура 2025-жылы өлкөдө 1 миң 200 киши алимент төлөбөй жүргөнүн билдирген.

Сот департаментинин маалыматына ылайык, учурда алимент карызы боюнча 59 миңден ашык иш ачык турат. Өлкөдө ажырашкандардын 2% гана балдарына алимент төлөй турганы расмий айтылган. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG