Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:21

Орусия эми армиядагы чет элдиктерди депортация кылбайт

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын президенти Владмир Путин орус армиясынын катарында аскердик аракеттерге катышкан же келишим менен согушуп жаткан чет элдиктерди депортациялоого тыюу салган мыйзамга кол койду. Документ укуктук актылардын расмий сайтына жарыяланды.

Анда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн чет элдик жаранга карата 2022-жылдын 24-февралынан кийин чыккан депортациялоо, өлкөдө убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу, миграциялык документ берүүдөн баш тартуу чечимдеринин баары жокко чыгарылары дагы көрсөтүлгөн.

Жаңы эреже орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишим түзгөн, ошондой эле согушка катышкан борборазиялыктарга дагы тиешелүү. Бул эмнеден кабар берет?

Мигранттар менен иш алып барган эксперттер мурда депортация болуп, Орусияга кире албай калгандарды ачык эле согушка үгүттөө деп эсептешет. Ушу тапта Кыргызстандын 104,5 миң жараны Орусиянын кара тизмесинде, 91 миңге жакыны мигранттарды көзөмөлдөгөн реестрде.

Орусиянын президенти Владмир Путин 26-июнда кол койгон мыйзам "орус армиясынын катарында кызмат өтөгөн, келишимдин негизинде кызмат өтөөнү уланткан, бул өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн же башка аскердик түзүмдөрүнүн курамында аскерий аракеттерге катышкан чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга" тиешелүү. Жаңы жобого ылайык, мындай адамдар депортацияланбайт. Мындан тышкары аларга убактылуу жашоого же иштөөгө уруксат берүүдөн баш тартууга болбойт жана мурда берилген документтери жокко чыгарылбайт.

Ошондой эле Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында келишимдик негизде кызмат өтөгөн чет элдик жаранга карата 2022-жылдын 24-февралынан кийин чыккан депортациялоо, өлкөдө убактылуу болуу мөөнөтүн кыскартуу, миграциялык документ берүүдөн баш тартуу тууралуу чечимдердин баары жокко чыгарылат.

Жаңы эреже орус армиясы жана башка аскердик түзүмдөр менен келишим түзгөн, ошондой эле согушка катышкан борборазиялыктарга да тиешелүү.

Мигранттар менен иш алып барган эксперттер бул мыйзам депортация болуп, бирок киреше булагын Орусиядан гана көргөн жарандарды согушка ачык үгүттөө деп эсептешет. Юрист Мирлан Токтобеков учурда депортация маселесине байланыштуу кайрылгандар көп экенин, бул мыйзамдан кийин орус армиясы менен келишим түзүп, өлкөгө кирүүгө аракет кылгандар дагы болушу ыктымал деп кооптонууда.

Мирлан Токтобеков.
Мирлан Токтобеков.

"Бул кишилер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн катарында согушса, Орусияны коргоого эмгек сиңирсе, аларды өлкөдөн чыгарып жиберген туура эмес деген талкуу буга чейин эле болуп жаткан. Эми атайын мыйзам чыгарып, чет элдик жарандардын укуктук жагдайы жөнүндө 115-федералдык мыйзамга өзгөртүү киргизиптир. Мында согушуп жүргөн жана согушуп келген адамдарды өлкөдөн чыгаруу, депортация, өлкөдө жүрүү бактысын кыскартуу дегенде жок кылышыптыр. Бул ушул адамдар Орусияда документи жок деле жүрө берсе болот деген сөз. Бирок бул орус армиясы менен келишим түзгөн адамдарга гана тиешелүү. Буга чейин куралдуу күчтөрү менен келишим түзүп, согушка барып келгенден кийин депортация болуп келген учурлар бар. Кайра кантип кирсек болот деп кайрылгандары дагы болгон. Бирок алар согушка барып келгендерин ачык айтышпайт. Анткени биздин мыйзамдар ага жол бербейт жана алар Кыргызстанда кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Эми ошолор кайра кирип кетиши ыктымал. Мындан сырткары аларга жарандык берүү, убактылуу ошол өлкөдө жашоого уруксат деген документтерде баш тартышпайт. Бул эми согушка үгүттөөнүн бирден бир жолу. Азыр депортация болуп, ошондон чыга албай жүргөндөр толтура", - деди юрист.

Буга чейин Орусиянын өкмөтү Коргоо министрлиги менен келишим түзгөн чет элдиктерди өз мекенине экстрадициялабоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизген. Орус бийлиги мындай чараны “аскердик сырды жана купуя маалыматты сактоо максаты” менен түшүндүргөн.

Март айынын башында Мамлекеттик Дума орус армиясы менен келишим түзгөн же согуштук аракеттерге катышкан чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдарды административдик чыгарууга тыюу салган мыйзам кабыл алган. Бул мыйзамга ылайык, административдик укук бузуу үчүн өлкөдөн чыгаруу милдети каралса да, мындай адамдар анын ордуна айып пулга же 100дөн 200 саатка чейин милдеттүү коомдук жумуштарга тартылышы мүмкүн.

Орусияда 2025-жылдын 5-февралынан тартып чет элдик жарандар үчүн “көзөмөлгө алынгандардын” реестри иштей баштаган. Тизмеге илинип калгандардын укуктары кескин чектелип, машине айдоого, никеге турууга, мүлкүн каттоого, банктан эсеп ачууга жана алдын ала эскертпей туруп, жашаган жерин алмаштырууга тыюу салынат. Андай мигрантты өлкөдөн чыгаруу тобокелдиги жогору. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, Кыргызстандын 104 миң 500 жараны Орусиянын “кара тизмесинде” турат. Андан тышкары дагы 90 миң 721 кыргызстандык бул өлкөнүн көзөмөл реестрине киргизилген.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы Орусиянын “кара тизмесинде” 91 миң 566 кыргыз жараны бар болчу.

Бир топ жылдан бери Москвада иштеп келаткан Каныбек Салиев текшерүү, анын арты менен өлкөдөн чыгарган учурлар токтой электигин билдирүүдө.

"Депортациялоо уланып эле жатат. Мурда сот аркылуу болсо, азыр полиция бөлүмүндө эле айып пул салып, өлкөдөн чыгарып жатышат. "Өзүң чыгып кет же Сахарового барып, ошол жактан кетесиң" деп айтышат. Менин тааныштарымдан деле көбү ошентип кетишти. Азыр депортацияга жеткирбей эле реестр деген чыгып, ага түшкөн адамга тыюу салынып, өлкөдөн чыгарылат экен. Мени таанышым Москвага келип, эки күндөн кийин реестрге түштү. Ага түшкөндөн кийин эч нерсе кыла албай каласың. Биз реестрди дагы деле түшүнө албай жатабыз. Ал эми Украинага тартыш үчүн адамдын өзүнүн макулдугу керек, мажбурлабайт. Менин жердештеримдин арасында деле согушка барып каза болгондор бар. Алар деле келишимге өз ыктыяры менен кол коюшкан. Бирок реестрдин ага тиешеси жок".

15 жылдай Москвада иштеген Рахима жолдошу Орусиядан депортация болгондон кийин Кыргызстанга үй-бүлөсү менен бир жыл мурда кайтып келген. Ушул убакыт аралыгында депортация боюнча чечимди жокко чыгартып, кайра Орусияга барып иштөө үчүн бир топ аракет кылышыптыр.

"Жолдошум депортация болгондон кийин кайтып келдик, ал жакта батир, расмий жумуш бар болчу. Бирок келишке туура келди. Ошондон бери ондогон юридикалык компанияларга кайрылып, депортацияны жокко чыгарганга аракет кылдык. Анткени 15 жылдан бери ошол жакта жашап, иштеп бул жактын климатына да көнбөй калыптырбыз. Албетте өз үйүң, мекениңде жашаганга эч нерсе жетпейт. Бирок баары кымбат. Мурда Москва арзан десе ишенчү эмес элем, азыр абдан сезилип жатат. Келгенден бери насыяга батып кеттик. Тапканың кара курсактан ашпайт. Жолдошум жалгыз уул болгондуктан, кайненем "Кудай сактаптыр силерди, нары жакка алып кетип калбай" деп сүйүнүп отурат. Бирок кайра кетели деп аракет кылып, ал ишке ашпады", - деди Рахима.

Анткен менен мигранттар менен иш алып барган "Инсан-Лейлек" уюмунун жетекчиси Гүлнара Дербишева учурда согушка азгыруу абдан катуу жүрүп жатканын, ал үчүн ар кандай ыкмалар колдонулуп жатканын билдирүүдө.

Гүлнара Дербишева.
Гүлнара Дербишева.

“Кыргызстанды алсак, май айына карата биздин 1474 жараныбыз Украинада согушуп жүрөт. Бул "Хочу жить" долбоорунан алынган соңку маалымат. Бул 2025-жылдагыга караганда төрт эсе көп экен. Орусияда миграция мыйзамдарынын катаалдашканы себеп болууда. Атайын эле ушундай жолго барып жатабы? Азыр реестр, Амина тиркемеси, полицияга депортация кылуу боюнча эбегейсиз ыйгарым укуктардын берилиши дагы себеп болуп жатат. Согушка азгыруу абдан катуу жүрүп жатат. Орусиянын Коргоо министрлиги жеңилдетилген жарандык беребиз дегени, үй-бүлөгө төлөм, акчалай кошумчалар дагы мигранттарды азгырууда. Андан сырткары реестрге кирип, чыга албагандар, Орусиядан башка жактарда тил, виза маселесинен улам иштөө мүмкүнчүлүгү жок. Ошол жакта калууну каалагандар аргасыз макул болуп жатышат. Мындан сырткары насыя алган, эне капиталын алган, үй-бүлөсүн алып баргандар бар да, ошондон пайдаланышууда”, - деди Дербишева.

Украинанын мамлекеттик "Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоорунун маалыматына ылайык, Орусия негизсиз масштабдуу бастырып кирген төрт жылдан ашуун убакта 13 миңге жакын борборазиялык орус армиясы менен келишим түзгөн. Борбор Азиядан барган 80 миңдей адам Орусияда аскердик кызмат өтөө үчүн каттоого алынган.

Казакстанда, Кыргызстанда, Өзбекстанда Украинадагы согушка катышкандарга кылмыш иштери козголгон. Согушка жалданып, өз мекенине кайтып келгендердин айрымдары соттолуп, беш жылга чейин абакка кесилген учурлар да бар.

Ошол эле кезде чөлкөмдөн барган миңдеген мигрант Орусиянын армиясынын катарында согушуп жүрөт.

"Жашагым келет" ("Хочу жить") долбоору согушка кетип дайыны чыкпай жаткандарга байланыштуу 200 миң арыздын 500ү кыргызстандыктардан түшкөнүн "Азаттыкка" билдирген.

Бирок бир дагы өлкөдө Орусия Украинага бастырып кирген төрт жылдан ашуун убактан бери бул согушта канча жаран каза болгону же согушка тартылганы тууралуу расмий маалымат айтыла элек.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн башчысы Бакыт Асаналиевдин апрель айындагы маалыматында, Орусияда 472 миңден ашуун кыргызстандык иштеп жүрөт. Алардын 268 миң 460ы миграциялык каттоодо турат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG