27-октябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жаан жаайт, тоолуу райондорунда карга айланат. Калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 12…17;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 11…16;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 0…-5, күндүз 10…15;
Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 11…16.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2° суук, күндүз 14…16° жылуу болот.
Шерине