"Бул шалаакылык". Амирдин өлүмүнө ким жоопкер?
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Алмазбек Асанов 14 жаштагы Амир Кунакуновдун өлүмү боюнча министрлик “моралдык күнөөсүн сезерин” журналисттерге билдирди. Ала-Арча капчыгайында Амирдин сөөгү 9-ноябрда табылган. 10-ноябрда Бишкекте анын тажыясы өтүп, жерге берилди. Баланы издөө иштери боюнча коомчулукта талкуу жүрүп, ӨКМдин дарегине ыкчам аракет болгон эмес деген таризде сын көп айтылып жатат.
Шерине