Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:36

Пан Ги Мун: Ливия БУУнун резолюциясын аткарбай жатат


НАТО Ливиядагы аскерий операцияны жетектөөнү АКШдан өткөрүп алууга макулдук берди. Бирок, аскердик ынтымактын башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин билдиришинче, Бириккен Улуттар уюмунун резолюциясына ылайык, Ливиянын аба мейкиндигинде “учууга тыйуу салынган мейкиндикти” камсыздоо боюнча эл аралык иш-аракеттин башка жактары азырынча коалициянын мойнунда кала берет.

Бириккен Араб Эмирлиги эл аралык коалицияга жардамга 12 учак жибермек болгонун Франциянын президенти Николя Саркози тастыктады.

Ливиянын лидери Каддафиге ишенимдүү аскерлер Бириккен Улуттар уюмунун ок атууларды токтотуу боюнча чечимин сыйлабай жатат. Бул жөнүндө БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун 24-мартта Нью-Йоркто билдирди:

- Ливия жетекчилиги ок атпоонун шарты аткарылып жатканын бир нече ирет билдиргенге карабай, алардын ок атууну токтотконун ырастаган далилдер жок. Ливия өкмөтү БУУнун Коопсуздук Кеңешинин 1970- жана 1973-резолюциялары боюнча өзүнө алган милдеттенмелерин аткаруу боюнча жасаган кадамдарын биз көргөн жокпуз.

Ошол эле учурда Орусия жана башка өлкөлөр эл аралык коалицияны Ливия аймагын чектен ашыкча бомбалоодо деп күнөөлөштү. Франция жана АКШ согуштук учактар Каддафинин аскер жайларын гана бутага алып жатканын билдиришти.

XS
SM
MD
LG