Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Кыргыз-орус космонавттары студенттер менен жолугушат


Бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын айрым космонавттары кыргызстандык студенттер менен жолугушууларды өткөрүшөт. Жаштар иштери боюнча министрликтин басма сөз кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, Бишкектеги Кыргыз-Орус Славян университетинде өтө турган бул иш-чарага Кыргызстандын баатыры, космонавт Салижан Шарипов, Советтер Союзунун баатыры жана космонавт Анатолий Березовой, Орусиянын космонавт баатырлары Юрий Онуфриенко жана Юрий Лончаков катышат. Бул иш-чара алгачкы космонавт Юрий Гагариндин космоско чыккан күнүнө 50 жыл толгонуна байланыштуу өткөрүлүүдө. Аны Жаштар иштери боюнча министрлик менен Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги уюштуруп жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG