Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:30

Обама: Ливияда кыргынга жол берилген жок


АКШ президенти Барак Обама сыналгы аркылуу кайрылуусунда Ливиядагы аскерий операциянын тууралыгын коргоду, бирок анын максаттарын кеңейтип, режимди алмаштырууну кошуу жаңылыштык болорун эскертти.

Барак Обама бул жолку кайрылуусун америкалык президенттер адатта армияны чет өлкөгө согушка аттандырганда өз чечимин элге жарыялоо үчүн пайдалануучу Ак үйдүн сүйрү залынан эмес, Коргонуу боюнча Вашингтондогу улуттук университеттен жасады.

Айрым баяндамачылар муну Обаманын Ливиядагы аскерий операция Ирак менен Ооганстандагыдай согуш эмес, “чектелген миссия” экендигин ишара кылуусу катары сыпатташты.

АКШ президенти белгилегендей, Вашингтондун жана алардын өнөктөштөрүнүн аракети Ливияда “дүйнөнүн бетине көө жабуучу кыргынды” алдын алды.

Обама кошумчалагандай, коалициянын аба соккулары башталганга чейин Ливия лидери Муаммар Каддафиге оппозиция күчтөрүнө жана жарандарга каршы айоосуз чабуулун токтотуусу үчүн да мүмкүнчүлүк берилди. Бирок Каддафи мунун тескерисин жасап туруп алды:

- Биз эгер дагы бир күн кечиксек, Бенгази (700 жүз миң тургуну бар) шаары бүткүл аймакка таасир берүүчү жана дүйнөнүн абийирине көө жабуучу кыргынга кабыларын билгенбиз. Бул биздин улуттук кызыкчылыкка жооп бере турган иш эмес эле. Мен буга жол берген жокмун. Андыктан тогуз күн мурда Конгресстеги эки партиянын жетекчилиги менен кеңешкен соң адам өмүрү кыйылышын токтотуу жана БУУнун Коопсуздук кеңешинин 1973-резолюциясын аткарылышын камсыздоо боюнча аскерий чарага көрсөтмө бердим.

Барак Обама Ливия лидери Муаммар Каддафини “өз элинин эркиндигин тартып алган, алардын байлыгын эксплутациялаган, оппоненттерин мекенинде жана четте да өлтүрткөн, дүйнөдөгү бейкүнөө адамдарга, анын ичинде америкалыктарга да террорчулук кылган тиран”, - деп мүнөздөдү. Обама ошондой эле Каддафи бийликтен кетүүсү керектигин дагы бир жолу кайталады.

АКШдагы коомдук пикир

АКШ президентинин соңку кайрылуусу Вашингтондун Улуттар уюму санкция берген аскерий операциядагы ролун түшүндүрүүгө арналды.
Биздин миссияны кеңейтип, ага режимди өзгөртүүнү да кошуу жаңылыштык болот.
Барак Обама


АКШдагы коомдук пикирди сурамжылоонун акыркы жыйынтыктары америкалыктардын 47 пайызы Ливиядагы кырдаалга аскерий жол менен кийлигишүү туура, 36 пайызы туура эмес болгон деп эсептерин көрсөтүүдө.

"Пью" изилдөө борборунун сурамжылоосуна катышкандардын 46 пайызы АКШ жана анын өнөктөштөрү Каддафини бийликтен кулатуунун үстүндө иштөөсү керек дешсе, 43 пайызы жалгыз максат – жарандарды коргоо гана болушу зарыл деген пикирин билдиришкен.

"Ливияда Ирак кайталанбайт"

Барак Обама өз сөзүндө Муаммар Каддафинин режиминен айрылуу Ливия жана дүйнө үчүн жакшыраак болмоктугун моюнга алганы менен АКШнын Иракта Саддам Хусейинди бийликтен кулаткандай кадамга Ливияда да барышы туура жолдон тайгандык болорун эскертти:

- Биздин миссияны кеңейтип, ага режимди өзгөртүүнү да кошуу жаңылыштык болот. Биздин күчтөр үчүн мен белгилеген милдет – Ливиянын элин жакындап калган коркунучтан коргоп, БУУнун мандатынын жана эл аралык колдоонун негизинде учууга болбой турган аймакты камсыздоо. Мындай жардамды Ливиянын оппозициясы да сураган. Эгер биз Каддафини күч менен кулатууга аракеттенсек, биздин коалиция чачырайт. Мында бизге америкалык аскерлерди кургакта жайгаштырууга туура келет, ал эми абадан көптөгөн жөн-жай тургундарды мерт кылып алуу тобокелчилиги бар.

Барак Обама Каддафини күч менен кетиргендин ордуна АКШ жана анын НАТО боюнча өнөктөштөрү режимдин курал-жарак, каржы алган булактардан ажыратуу, оппозицияга колдоо көрсөтүү жана Каддафи бийликтен кетүүчү күндү тездетүү үчүн башка өлкөлөр менен иштешерине токтолду.

Эл аралык коалициянын бир жарым аптадан берки аба соккулары жана Ливиянын аба мейкиндигин учууга болбой турган аймак деп жарыялаган БУУнун резолюциясы азыр тараза ташын оппозиция күчтөрү тарапка оодарды. Эл аралык коалиция кийлигишкенге чейин алар арып-азып, жеңилүүгө бир аз калышкан эле.

Кыймыл бир, жыйынтык ар башка

Араб дүйнөсүн каптаган элдик толкундоолордун кысымы астында буга чейин аймактын эки лидери кызматтан кетүүгө аргасыз болгон. Дагы бир канчасы учурда элин тынчытуу үчүн жандалбастап жатат. Айрымдар быйылкы окуяларды “араб жазы” деп мүнөздөшүүдө.

АКШ президенти араб дүйнөсүнүн жаңы мууну укуктары жана мүмкүнчүлүктөрү чектелиши менен мындан ары келише албасын көрсөтүп жатканын, бирок аймакты ойготкон азыркы жараяндардын жыйынтыгы ар кайсы өлкөдө, ар башкача болоруна да токтолду:

- Прогресс бир калыпта болбойт, өзгөрүүлөр ар кайсы өлкөгө ар башкача келет. Мисалы Египет сыяктуу жердеги өзгөрүүлөр бизди шыктандырды жана үмүтүбүздү жандырды. Ал эми Иран сыяктуу жерлерде өзгөрүүлөрдү айоосуз басып жатышат. Кошмо Штаттар бул өзгөрүүлөрдүн ыргагын жана масштабын таңуулай албайт. Муну ошол аймактын эли гана жасай алат. Менин ишенимимде, өзгөрүүлөрдүн бул кыймылы эми артка кайтпайт.

Бул аралыкта бүгүн Лондондо башталып жаткан эл аралык конференцияга дүйнөнүн 35тен ашуун өлкөсүнүн тышкы иштер министрлери, АКШдан Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон, НАТОнун, Улуттар уюмунун, Араб лигасынын, Африка союзунун жетекчилери же расмий өкүлдөрү катышмакчы. Конференцияда Ливиядагы гуманитардык операциянын жана саясий жараяндын келечеги, эл аралык коомчулуктун мындан аркы кадамдары, Каддафини бийликтен кетүүгө мажбурлоо үчүн дипломатиялык аракеттерди баштоо маселеси талкууланат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG