Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:19

Назарбаев 3-апрелде кайра шайланары болжолдонууда


1-апрель - Казакстанда президенттик шайлоо өнөктүгүнүн акыркы күнү. Жекшемби, 3-апрелдеги кезексиз жалпы элдик шайлоодо президент Нурсултан Назарбаев - ырасмий берилген дагы бир титулу “улут лидери” - жеңип чыгарынан бийликтегилер да, карапайым эл да күмөн санашпайт. Өкмөт азыр эле Назарбаевдин шайлоодон кийинки өлкөнү кыдыруу планын жарыялады. Президенттин саясый масилээтчиси Эрмухамет Эртышбаев өкмөттүк “Кабар” телеканалынан сүйлөп: "Назарбаев келерки он жылдагы өзүнүн үлкөн саясый дымагын жашырбайт",-деди. Серепчилер буга чейин Нурсултан Назарбаев бир да калыс өткөн шайлоодо жеңбегенин айтышат. Назарбаев Казакстанды акыркы чейрек кылымга жакын убакыттан бери жетектөөдө.

XS
SM
MD
LG