Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

НАТО Ливияда козголоңчулардын өлүмүн иликтейт


Козголоңчулар Аджабиядан Брегага жөнөгөн учуру, 1-апрель, 2011
Козголоңчулар Аджабиядан Брегага жөнөгөн учуру, 1-апрель, 2011
"НАТОнун күчтөрү Ливияда абадан уруп жаткан чабуулдарда козголоңчу топтордун 10 ашуун өкүлүн өлтүрүп алган" деген кабар иликтене турганын айтышты. Бул тууралуу бүгүн Түндүк атлантика альянсынын расмий өкүлү Оану Лунджеску билдирди. Буга чейин Ливияда лидер Муаммар Каддафиге каршы согушуп жаткан козголоңчулар жума күнкү чабуулдарда НАТО жетектеген коалициялык күчтөрдүн аскерлери козголоңчулардын 13 адамын өлтүрүп алышканын билдиришкен. Сөз Аджабия жана Брега шаарларындагы атышуулар жөнүндө болуп жатат.

Анын алдынан Ливиянын өкмөтү козголоңчулардын ок атууну токтотуу сунушун четке какты. Өкмөттүн расмий өкүлү Муса Ибрагим муну “акылга сыйбаган наадандык” деп атады. Өкмөттүк күчтөр менен атышып жаткан козголоңчулардын лидерлери өкмөткө кайрылуусунда “Эгер Каддафи бүт шаарлардан өзүнүн аскерлерин чыгарып, ливиялыктар келерки башчысын өздөрү тандашына жол берсе, урушту токтотбуз” дешкен болчу.

XS
SM
MD
LG