Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Ливия: жарадарларды ташыган кеме Бенгазиге келди


Жарадар болгон эки жүздөн ашуун адамды салган түркиялык кеме Мисуратадан Бенгазиге келди.

Мисурата үчүн шаарды ээлеген козголоңчулар менен Ливиянын лидери Муаммар Каддафинин күчтөрүнүн ортосунда катуу салгылашуу болууда. Кемедеги өтө катуу жарадарларга Түркияда медициналык жардам берилет. Ливияда согуш башталгандан бери биринчи жолу түркиялык кеме гуманитардык миссия менен жарадарларды алып чыкты.

Жарадарлардын айтымында, Мисурата шаарында көпчүлүк үйлөрдө электр жарыгы, суу жок. Шаардагы адамдар өтө кооптуу кырдаалда күн өткөрүп жатат.

XS
SM
MD
LG