Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:23

Йеменде элдик толкундоо күч алууда


Йемендин мамлекеттик сыналгысы кабарлагандай, башкалаа Санаада президент Салехтин тарапкерлери менен ага каршылар кагылышып, 3 киши өлдү. Дагы 15тей адам жарадар болду.

Санаадагы чет элдик кабарчылар нааразылыкка чыккандардын саны көбөйүп жатканын билдиришет. Чогулгандар президенттик сарайга кеткен жолдо чатырларды тигип жатышканы айтылууда.

Таиз шаарында 5-апрелде да кагылышуу болду. Күбөлөрдүн айтымында, көзгө атарлар имараттардын үстүнөн элге ок чыгарды. Ага чейин өкмөттүк күчтөр менен демонстранттар кагылышып, жүздөгөн киши жарадар болгон. 

4-апрелде Таизде бери дегенде 15 киши полициянын огунан набыт болду.

 

XS
SM
MD
LG