Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

Пентагондун башчысы күтүүсүздөн Иракка келди


АКШ коргоо министри Роберт Гейтс Багдадда Ирактын жетекчилиги жана бул өлкөдөгү америкалык аскер командачылыгы менен жолугат.

Министрди коштоп жүргөн дипломаттардын айтуусунда, Роберт Гейтс Ирактын премьер-министри Нури ал-Малики жана президент Жалял Талабани менен көздөшүп, сүйлөшөт. Гейтс ошондой эле өлкөнүн түндүгүндөгү Курдистанга барат.

Пентагондун башчысы акыркы жолу Иракта өткөн жылдын сентябр айында АКШ бийлиги Иракта америкалыктардын аскерий миссиясы аяктаганын расмий жарыялагандан кийин болгон.

Иракта калган америкалык аскерлер ушул жыл соңуна чейин толук чыгып кетиши керек.

XS
SM
MD
LG