Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Карим Масимов кайра казак өкмөтүн башкарат


Бүгүн Казакстанда Нурсултан Назарбаев президенттик антын берген. Конституцияга ылайык, Масимов буга чейин жетектеп келген өкмөт кызматтан кеткен эле. Бүгүн Назарбаев Масимовдун талапкердигин кайрадан премьер-министрликке сунуштап, аны парламент дароо эле жактырган чечимин чыгарды. Эми өкмөт-башчы 10 күндүн ичинде министрлердин кабинетинин курамын сунушташы керек.

Назарбаев өткөн аптанын аягындагы шайлоодо 95,5% добуш менен кайра беш жылга президент болуп шайланган. Добуш берүүнүн жүрүшүнө көз салган Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) байкоочулары “ал олуттуу катачылыктар” менен өткөнүн айтышкан. Бүгүн өзүнүн инаугурациясында Назарбаев “демократиялашуу жолундагы ишин уланта берээрин” айтты. 70 жаштагы Назарбаев Казакстанды 20 жылдан ашуун мезгилден бери башкарып келатат.

XS
SM
MD
LG