Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:35

Сирияда 4 демонстрант, коопсуздук күчтөрүнүн 9 өкүлү мерт болгон


Күбөлөр менен активисттердин айтымында, кечээ деңиз жээгиндеги Баниас шаарында президент Башар Ассаддын режимине каршы өткөн демонстрация учурунда анын төрт катышуучусун өкмөттү жактаган куралчандар атып салган. Ал эми Сириянын мамлекеттик сыналгысы кабарлагандай, коопсуздук күчтөрүнүн тогуз өкүлү ошол эле Баниас шаарынан алыс эмес жердеги жолдо буктурмага кабылып каза тапкан. Мамлекеттик сыналгы буктурманы уюштургандар катары куралдуу кылмышкерлерди айыптады. Бирок бул маалыматтар азырынча башка көз карандысыз булактар тарабынан ырастала элек. Анткени Сириянын өкмөтү журналисттердин ишин чектеп, чет элдик кабарчыларды өлкөдөн кетүүгө буйруган. Сирияда төрт аптадан бери уланып жаткан нааразылык чаралары үчүн өкмөт куралдуу топторду жана тынчтыкты каалабаган күчтөрдү айыптоодо. Адам укугун коргоочулардын айтымында, тополоңдор учурунда ондогон адамдар каза тапты же жаракат алды.

XS
SM
MD
LG