Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:24

Кыргыз өкмөтү Бажы биримдигине кошулуу маселесин карап жатат


Премьер-министр Алмазбек Атамбаев өкмөттүн жыйынында Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе өлкө үчүн оң жактары көп болорун, мигранттар үчүн шарт жакшырарын айтты. Экономикалык тескөө министри Учкун Ташпаев Кытайдан Кыргызстан аркылуу товарларды реэкспорттоо бул биримдикке кирсе, кирбесе дагы баары бир азайтыларын маалымдады. Бажы союзуна азыр Орусия, Казактан жана Беларус мүчө.

Айрым адистер Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе чет өлкөдөн келген товарлардын, анын ичинде унаалардын баасы кымбаттай турганын ырастап келишет. Жаш ишкерлер биримдигинин аткаруучу катчысы Руслан Акматбек "Азаттыкка" курган маегинде "Орусия Кыргызстандын келечегине терс таасирин тийгизе турганын билсе да, Бажы биримдигин бизди көзөмөлдөөчү аспап катары колдонгону жатат" деп айткан. (EBM)

XS
SM
MD
LG