Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

Акмат Бакиевдин жактоочусунун өтүнүчү канааттандырылган жок


Жалал-Абад облустук соту мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин адвокатынын бул ишти карап жаткан судьяны четтетүү тууралуу арызын канааттандырган жок. Буга чейинки соттук териштирүүлөрдө экс-президенттин бир тууганынын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арыз да четке кагылган болчу. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди.

Акмат Бакиевге 2010-жылдын май айында "массалык башаламандыктарды уюштурган", "бийлик өкүлдөрүнө каршы күч колдонгон", "жерлерди мыйзамсыз ээлеп алган", "атуучу куралдарды мыйзамсыз алып жүргөн", "зордук-зомбулук менен башкалардан акча өндүргөн" деген айыптар тагылган. Ал жана анын адвокаттары коюлган айыптар менен макул эместигин билдирип келатышат. Бул ишти Жалал-Абад шаардык соту Бишкектеги Аскер сотунун имаратында карап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG